Алматыда кандуу калаба уюштурган киши полицияны өч алуу үчүн өлтүргөн

© REUTERS / Shamil ZhumatovАлматы атышуудан кийин. Архив
Алматы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теракт жасоо алдында мурда эки ирет соттолгон киши кек сактап жүргөн кишисин – өзбекстандык аялды тындым кылган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Алматыда теракт жасады деп шектелип жаткан киши сурак учурунда мындай кадамга тартип коргоо органдарынан өч алуу максатында баргандыгын айтты. Бул туурасында Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдирген. 

Теракт жасоо алдында мурда эки ирет соттолгон киши кек сактан жүргөн кишисин – өзбекстандык аялды тындым кылган. 

"Суракта ал мурда түрмөдө отургандыгы үчүн өч алгандыгын айтып жатат. Аны баары бир кармашаарын билгенден кийин полиция кызматкерлерин да өлтүрүүнү чечкен",— деп министр журналисттерге айтып берди. 

Касымов кармалган шектүүгө операция жасалгандыгын, ал жактоочунун көзүнчө дарыгердин уруксаты менен суракка алынгандыгын айтты. 

Алматыдагы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы атышуунун чоо-жайы. Каргаша канчада башталып, канча кишинин өмүрүн алды
ИИМдин маалыматына караганда, кармалган киши талап-тоноочулук кылгандыгы жана курал сактагандыгы үчүн 5 жыл 11 айга эркинен ажыратылган. Абакта отурган учурунда оңолуу жолуна түшүүгө аракеттенбегендигин айтышты. 

Шектүү киши Алматыга январь айында келип, батир жалдап, курал алып жүргөн. 

Касымов ага карата Кылмыш кодексинин төрт беренеси менен кылмыш иши козголгондугун айтты. 

ИИМден террорчунун колунан каза болгон беш жарандын бирөө, жай жаран деп эсептелип жаткан киши Казакстандын Чек ара кызматынын кызматкери экендигин айтышты. 

Касымов шаардын ооруканасында жаткандардын санын тактады.

"Учурда ооруканада полициянын алты кызматкери, үч жай жаран жана атышууну уюштурган киши жатат", — деди ал.

18-июлда саат 11лерде куралчан адам Алматы шаарындагы Алмалы райондук полициясына кирүүгө аракет кылып, ал жердеги кызматкерди жарадар кылып, автоматын алып качкан. Андан ары жеңил автоунааны тартып алууга аракет кылып, ээсине ок жаңылып, мерт болгон.

Нападение на отделение полиции в Алма-Ате. Кадры с места ЧП - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы полициянын бөлүмүнө кол салуу. Окуя болгон жерден тартылган тасма
Казакстан бийлигинин маалыматында бул калабадан 5 адам өлгөн. Алардын үчөө полиция кызматкери, бирөө Казакстандын Чек ара кызматынын өкүлү, бирөө жай жаран. 

Бийлик бул окуяга теракт деп баа берди. Кандуу калабаны уюштурган Кызыл-Ордо облусунда туулган 26 жаштагы жаран болуп чыкты. Окуя болгондо күч түзүмдөрү шаарга алгач терроризмдин эң жогорку коркунучу жаралды деп кызыл деңгээл киргизилген.

Кечке жуук, террорчулукка каршы операциялар жүргүзүлүп, аны сары түскө түшүрүштү. 

Тартип коргоо органдарынан кол салууну ал киши жалгыздап жүргүзгөндүгүн билдиришти.

Алматы шаарынын борборунда болгон атышуунун кесепеттерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0