Алматыдагы атышуунун чоо-жайы. Каргаша канчада башталып, канча кишинин өмүрүн алды

© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоАлматыдагы атышуудан кийин. Архив
Алматыдагы атышуудан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Алматыда ажал издеген ок бир нече ирет атылып, өмүрлөр кыйылды. Sputnik Кыргызстан агенттиги 18-июлда болгон Алматыдагы кандуу окуялардын чоо-жайын, өлгөндөр менен жарадарлардын, окуянын өнүгүшүн тизмектеп чыкты.

БИШКЕК, 18- июл. — Sputnik. Казак милициясынын маалыматына караганда, бүгүн эртең мененки саат 11лерде куралчандар Алматы шаарындагы Алмалы райондук полициясына кирүүгө аракет кылып, ал жердеги кызматкерди жарадар кылып, автоматын алып качкан. Андан ары жеңил автоунааны тартып алууга аракет кылып, ээсине ок жаңылып, бейкүнөө жаран өлгөн.

Стрельба в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы хроникасы: каза болгондор жана жаракат алгандар
Полициянын маалыматына караганда, шектүү кишини "Казакконцерт" компаниясы жайгашкан райондон кармап, андан полициянын эки кызматкери жарадар болгон. Ок аткан кишинин ким экендигин такталган. 

Бул кандуу окуядан, 18-июлда кечке маалга көңүл сыздаткан төмөнкү цифраларды атоого болот. Атышуудан полициянын 3 кызматкери курман болуп, бир жай жаран капарсыз турган жеринен ок жеген. Кеминде беш киши ооруканага жаткырылган

Кол салгандар кимдер?

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кармалган 27 жаштагы жаран мурда соттолгон. Ал Кызыл-Ордо облусунда туулган, өткөн жекшембиде бир аялдын канына забын болгон деп шектелип жаткан. 

Ички иштер кызматкерлери кылмышкердин жанында жүргөн экинчи кишинин ким экендигин тактады. Ал дагы Алмалыдагы тартип сакчылары турган жайга кирүү аракетинде беркини коштоп жүргөн деп билдирди nur.kz сайты. Анын кылмышка тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат. 

Учурда шаарда абал турукташып, тартип коргоо органдары абалга көз салып турушат.

Бийлик эмне деди?

Tengrinews.kz сайтынын маалыматында Алмалы райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты курчоого алынып, "Перехват" жана "Буран" деп аталган кармоо операциялары жарыяланган. Алар коопсуздукту камсыз кылуу максатында кеңселерде иштеп жаткандарды көчөгө чыгарган эмес. Террорчулукка каршы операция башталып, террордук кооптуулуктун кызыл деңгээли киргизилген.

"Алматы-1" автобекети курчалып, метродо кооптуулук чаралары күчөтүлгөн. Коргоо министрлиги курал-жарактар сакталып турган кампалар менен жайлар өзгөчө коргоого алынганын айткан. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев коопсуздук кеңешин жыйынын өткөргөн.

Алматы шаарынын борборунда болгон атышуунун кесепеттерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр>> - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы окуядан соң кыргыз-казак чек ара жайлары күчөтүлгөн режимге өттү
Капчыгайдагы аскер бөлүгүнө кол салуулар болгондугу жана шаардын аталган районун куралчандар басып алды деген имиштер тараган. Алматынын алты районунан атышуулар угулуп жаткандыгын тууралуу кеп жүргөн. 

Жымжырт болгон телеканалдын ордун WhatsApp жоктотпой турду 

Телеканалдар менен маалыматтык сайттар иштебей туруп калды. Tengrinews.kz сайты бир учурда бул маалыматтык жымжырттыкты профилактикалык иштерден улам деп атап, бирок, бардык каналдар тез арада иштеп баштарын билдиришти. Маалымат агенттиктери эл бул окуялар тууралуу маалыматты окуш үчүн көп киргендиктен, аны көтөрө албай иштен чыгып жатты.

Жалпыга маалымдоо каражаттары эл көрүп, окуп, уга албай калгандыктан WhatsApp каналында маалымдашуу топторун түзүп, кабар алышып жатты.

Кыргызстанда кандай кабыл алышты

Sputnik Кыргызстан агенттигине Алматыдагы окуядан соң кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп баштаганын Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев билдирди. Аталган жайларга кошумча күчтөр тартылган.

© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоАлматы шаарынын полиция кызматкерлери атышуудан кийин
Алматы шаарынын полиция кызматкерлери атышуудан кийин - Sputnik Кыргызстан
1/4
Алматы шаарынын полиция кызматкерлери атышуудан кийин
© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоАтышуу болгон район
Атышуу болгон район - Sputnik Кыргызстан
2/4
Атышуу болгон район
© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоЖМК кызматкерлери
ЖМК кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
3/4
ЖМК кызматкерлери
© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоТекшерүүдө турган полиция кызматкери
Текшерүүдө турган полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
4/4
Текшерүүдө турган полиция кызматкери
1/4
Алматы шаарынын полиция кызматкерлери атышуудан кийин
2/4
Атышуу болгон район
3/4
ЖМК кызматкерлери
4/4
Текшерүүдө турган полиция кызматкери

Кечке жуук Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымовго өкмөт башчысы Карим Масимов Астанадан Алматыга учуп келип, абалды көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берген. Бул туурасында премьер-министр Twitter баракчасына жазган.

Беш киши каза таап, беш киши ооруканада жатат

Кечке жуук террордук кооптуулуктун кызыл деңгээли төмөндөп, сары белгиге алмашты.

"Алматыда террорчулукка каршы операция аяктады. Андыктан, Улуттук коопсуздук комитети кооптуулуктун деңгээлин сарыга түшүрүлдү", — деп билдирди Алматыда террорчулукка каршы борбордон.

Алматынын атышуу болгон жеринде полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: автоматчан киши асманды аткылап, көчөдөн өтүп кетти, эшикке чыкпай отурабыз
Ошентип, казак бийлиги атагандай, террордук кол салуудан беш киши каза таап, бешөө жарадар болгон. Алардын арасында бүгүнкү кандуу окуялардын каарманы алгач, эртең менен жаш келинди өлтүргөн. Бул туурасында кеч курун Алматынын Ички иштер Департаментинен билдиргенин Новости-Казакстан сайты жазып чыкты.

Ошентип, бул күнү Казакстандын тарыхында 18-июль полиция кызматкерлери менен бейажал беш жарандын өмүрүн алды. Азырынча, ал кишинин курал көтөрүп, тартип сакчыларынын өмүрүнө эмнеге кол салгандыгы бийлик тарабынан айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0