Алматы: атышуудан бир полиция өлүп, бийлик элди көчөгө чыкпоого чакырууда

© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлматы шаарынын борборунда болгон атышууда курман болгон полиция кызматкери.
Алматы шаарынын борборунда болгон атышууда курман болгон полиция кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында Гоголь — Абылайхан көчөлөрүнүн кесилишнде бир полиция жерде жатат, анын үстүн жаап коюшкан.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматы шаарынын борборунда болгон атышуудан кеминде эле бир киши каза болгонун Новости-Казакстан маалымат агенттиги күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди. 

Апрель окуяларынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда төңкөрүш кылгысы келген Тулешов Кыргызстандагы окуяларды иликтеген
Күбөнүн айтымында Гоголь — Абылайхан көчөлөрүнүн кесилишнде бир полиция жерде жатат, анын үстүн жаап коюшкан.

Андан сырткары бүгүн эртең менен социалдык тармактарда Алмалы РИИБдин аймагында да атышуу болгону маалымдалган. Күбө интернетке полиция тарапка ок чыгарып жатат делген киши тартылган видеону интернетке чыгарган. 

Ал ортодо жергиликтүү укук коргоо органдары жарандарды сыртка чыкпоого чакырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0