Алматынын борборунда атышуудан эки полиция жарадар болду

© Фото / ИА Новости-Казахстан, Анатолий УстиненкоАтышуу болгон жайда казак полиция кызматкерлери.
Атышуу болгон жайда казак полиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Facebook социалдык тармаганын колдонуучусу полицияга ок чыгарган делген кишинин видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматы шаарынын Алмалы районундагы ички иштер бөлүмүнүн жанынан атышуунун үнү угулганын Новости-Казакстан маалымат агенттиги күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди. 

Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу полицияга автоматтан ок чыгарган делген кишинин видеосун жарыялады.

"Кара кийим кийген киши колуна автомат алып чуркап чыгып, болжол менен полицияны карай ок чыгарды окшойт. Машинаны токтотууга аракет кылды, бирок баары тез эле кетип калышты. Андан кийин ал чыгыш тарапты көздөй чуркап кетти", — деп күбө жазган.

Новости-Казакстан маалымат агенттиги азырынча полициядан түшүндүрмө келе электигин билдирет.

Стрельба в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматы хроникасы: каза болгондор жана жаракат алгандар
Tengrinews.kz маалымат агенттиги билдиргендей, Алмалы РИИБдин аймагы курчоого алынды. Жанында турган имараттагы кызматкерлерди сыртка чыгарбай жатышат. Күбөлөрдүн айтымында, 10го жакын атышуунун үнү угулган.

"Башында үч же төрт жолу атышуу болду. бейтааныш киши Карасай баатыр көчөсү аркылуу Байтурсынов көчөсү чуркап чыкты. Анын артынан полиция кызматкерлери да чуркашты", — деп күбө билдирген.

Агенттиктин маалыматына ылайык, атышуудан эки полиция кызматкери жарадар болгон. 

Учурда бул аймактагы айдоочуларды алып, көчөдөн бардык машиналарды тазалап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0