Тулешов казак бийлигин күч менен басып алууга камынганын өлкөнүн атайын кызматы билдирди

Жазылуу
Бизнесмен Тохтар Тулешовду Казакстандын атайын кызматы өтө оор кылмыштарга айыптап жатат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Казак бийлигин күч менен басып алууга шектелген ишкер Тохтар Тулешов бир катар оор жана өтө оор кылмыштарга катышы бар экени тууралуу Новости-Казакстан агенттиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын жарандары Кыргызстандын паспорту менен Сирияга кетүүгө аракет кылышкан
Ишемби күнү маалым болгондой Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Тулешовго карата козголгон кылмыш ишти иликтөөнү аяктаган.

Дүйшөмбү күнү өткөн маалымат жыйындын алдында Улуттук коопсуздук комитети аталган иштин алкагында 25 адамга кылмыш иши козголгонун жана 300гө жакын адам күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген. Мындан тышкары тергөө иштери Тулешовдун бир катар оор жана өтө оор кылмыштарга тиешеси бар экени аныктаганын дагы жарыялашкан. 

"Анын кылмыштуу аракеттерине каршы Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 125, 126, 179, 182, 192, 262, 265, 266, 268, 287, 296, 367 жана 1997-жылы редакцияланган 96, 107, 187- беренелери боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Тулешов улуттар аралык кылмыштуу топту каржылоого жана куралдуу топту түзүүгө шектелип жатат.

Маалыматка караганда ал башкарган кылмыштуу топ анын буйрутмасы менен адам өлтүрүү, уурулук, жарандардын мүлктөрүн атайылап жок кылуу, каракчылык сыяктуу иштерди аткарып келишкени далилденген.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги ШКУ саммитинде сүйлөп жаткан учурундагы видеодон алынган кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын ТИМ башчысы кызматкеринин осол тартиби үчүн кечирим сурады
Муну менен гана токтоп калбастан Тулешов менен анын шериктери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүп, Казакстандын аймагында каршылык акцияларын күчөтүүгө белсенип жатышкан.

Тулешов январь айынын акырында Шымкенттин күч кызматкерлери тарабынан кармалып, анын жанынан бир нече баштык курал табылган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин июнь айында тараткан билдүүсүнө караганда Тулешов менен анын чоң мансапка ээ шериктештери бийликти күч менен тартып алууга бир катар чараларды көрүшкөн. Максатка жетүү үчүн алар жер реформасына каршы акцияларды уюштурушканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0