Тажик бийлиги аткаминерлерди аз камсыз үй-бүлөлөргө зекет берүүгө милдеттендирди

© flickr.com / Chris PriceДушанбе шаары. Архив
Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 29 күнгө созулган орозо быйыл 4-июлда аяктайт.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Тажик президентинин аткаруу аппаратынын жетекчиси, өлкө башчынын кызы Озода Рахмон орозо айынын аякташына байланыштуу аткаминерлерди аз камсыз болгон үй-бөлөлөргө зекет берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу "ТажикТА" агенттигине таянып РИА Новости маалымдады.

"Тажик аткаминерлери расмий түрдө кедей-кембагалдарга, жетимдерге зекет берүүгө милдеттендирилди", — деп жазат аталган басылма.

Берген зекеттери тууралуу облустун, шаардык административдик бөлүктөрдүн жетекчилери жана имам-хатибдер отчет берүүсү керек. Алардын берген отчеттерун дин иштери жана каада-салттарды жөнгө салуу боюнча комитет көзөмөлдөйт.

Белгилей кетсек, 29 күнгө созулган орозо быйыл 4-июлда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0