Казакстанда 30 миңден ашык бала соцтармактардагы порнографиялык топторго катталган

© flickr.com / @sage_solarНоутбук. Архив
Ноутбук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокурорлор ата-энелерге социалдык тармакта балдарынын кызыкчылыктарына көз салып турууну сунуштайт. Анализ жүргүзүлгөндө Казакстандын миңдеген балдары эрте жыныстык катнашка кирүүнү жайылткан топторго мүчө экени аныкталган.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Казакстанда 30 миңден ашык бала порнографиялык жана адамды буза турган топторго катталган. Бул туурасында Новости-Казакстан маалымат агенттиги

Түштүк-Казакстан облусунун прокуратурасына шилтеме кылуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратуранын кызматкерлери "В контакте" социалдык тармагын изилдегенде порнографиялык мүнөздөгү 63 топ бар экени аныкталган.

"Аталган топторго 8 миллион 200 миңден ашык киши катталган, алардын 31 миң 247си жашы жете элек казакстандык балдар. Шымкенттен 2 миң 54 бала катталган", — деп айтылат маалыматта.

Алар мисал катары, мыйнда бир топто 700 миң катышуучу катталса, анын 3700үн казакстандык жашы жете элек балдар түзөрүн айтты.

Казакстандын мыйзамына ылайык, интернет-ресурстар ЖМКларга теңелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0