Иттин терисин тирүүлөй сыйырган кишинин кылыгы соцтармактагылардын жакасын карматты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСтаффордшир терьери деп аталган тукумдагы ит. Архив
Стаффордшир терьери деп аталган тукумдагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары таш боордун кылыгы боюнча полицияга арыз жазып, аны жазалаш керектигин айтышууда.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Иттин терисин тирүүлөй сыйрып салган кишинин кылыгы соцтармактагылардын жакасын карматса, Жамбылдын полициясы аны издеп жатат. Бул туурасында Tengrinews.kz облустук полициянын маалыматына таянып билдирди.

"Биз ал сүрөттү көрдүк. Сүрөттү интернетке койгон кишини издеп жатабыз", — деп айткан маалымат кызматы.

Иттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда активисттер иттерди эт фестивалында союлуп кетпесин деп сатып алышууда
Талкуу стаффордшир терьери деп аталган тукумдагы иттин териси сыйырылып, эки бутуна таянып чокчоё отурган тейде тоңуп калган сүрөттүн айланасында жүрүп жатат. Анда жаныбардын тырмактары менен тиши жоктугу жазылган. Сүрөттү Алматыдагы кароосуз калган жаныбарларга жардам берүү боюнча түзүлгөн "Новый шанс" аттуу уюм жарыялаган. Фонд аны социалдык тармактын Узя Бактыбай аттуу колдонуучусу жарыялап, бирок ал баракчасын жок кылып салгандыгын кабарлаган. 

Социалдык тармактын колдонуучулары мындай таш боордун кылыгы боюнча полицияга арыз жазып, аны жазалаш керектигин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0