Тажикстан электр кубатын экспорттоону көбөйтөт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛинии электропередач. Архивное фото
Линии электропередач. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү саатына 527 миллиард киловаттка бааланып келет, өлкө анын беш пайызын экспорттойт.

БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Тажикстан 2030-жылы жаңы генераторлорду ишке киргизип, учурдагы 1,3 миллиард көлөмдү саатына 10 миллиард киловатка көбөйтөт. Бул туурасында тажик президенти Эмомали Рахмон Душанбеде өткөн улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун 2030-жылга чейин жылына саатына 17ден 45 миллиард киловатка, тагыраагы үч эсеге чейин көтөрүшүбүз керек. Ал үчүн бул тармактын майнаптуулугун арттырууга реформа жасоо зарыл", — деп айтты тажик лидери.

Ал электр кубатын коңшуларга экологиялык таза электр кубатын экспорттоонун көлөмүн саатына 10 миллиард киловатка жеткирүү ниетин билдирди.

"Биз муну аймактык электр өткөрүүчү линиялар, аны менен кошо CASA-1000 аркылуу ишке ашырабыз", — деди ал.

2015-жылы Тажикстанда элект кубатын өндүрүү 4,2 пайыздан — саатына 17,1 миллиард киловаттка көбөйгөн. Анын ичинен 98,2 пайызын гидроэлектростанциялар иштеп чыккан. Ал эми экспорт саатына 1,3 миллиард киловатты түзгөн. 

Тажикстандын Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү саатына 527 миллиард киловаттка бааланып келет, өлкө анын беш пайызын экспорттойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0