Күйдүргүдөн Казакстандын эки жараны каза болгону айтылууда

Жазылуу
Карагандынын Еркиндик айылынын беш тургуну облустук ооруканага күйдүргү дартын жугузуп алды деген шек менен жаткырылган.

БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Казакстандын Караганда аймактык ооруканасына күйдүргү дартына шектелип жаткырылган беш кишинин экөө каза болуп калды. Бул туурасында РИА Новости "Новости-Казахстан" агенттигине таянып кабарлады.

Лабораториядагы изилдөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда Зика вирусу жуккан төртүнчү учур катталды
Карагандынын Шет районуна караштуу Еркиндик айылынын беш тургуну облустук ооруканага күйдүргү дартын жугузуп алды деген шек менен жаткырылган. Алдын ала божомолдор боюнча, илдет сойгон малдан жуккан. Лабораториялык анализ оорунун күйдүргү экендигин тактай элек.

Агенттикке маалымат берген булактын айтымында, ооруп калгандар оор абалда келип, денесин жара басып кеткени байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0