Тажикстандын абагынан качкан үчүнчү кылмышкер кармалды

Жазылуу
Додохонов 19-июнда күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал ок чыгарып каршылык көрсөткөн.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Тажикстандын күч кызматкерлери жума күнү Хожент шаарындагы абактан качып кеткен кылмышкерди кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты

Автоматчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстанда түрмөдөн качып чыккандар террорчуларга кошулууну көздөшкөн
Укук коргоо органынан билдиришкендей жума күнү үч кылмышкер абактан качууга аракет жасашкан. 30 жаштагы Мирзо Каюмов Ирактагы согушка катышканы үчүн былтыр декабрда 14 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 35 жаштагы Хабибжон Юсупов 2013-жылдын соңунда акча алмаштыруучу жайдын кызматкерин өлтүргөнү үчүн 20 жылга соттолгон. Дагы бир 28 жаштагы кылмышкер Рамзуллохон Додохонов Пакистандын Вазиристан аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн мындан үч жыл мурун 20 жылга эркинен ажыратылган. 

Кылмышкерлер качып бара жатканда Каюмов абактын күзөтчүлөрү тарабынан атып өлтүрүлгөн. Кийинчерээк оор жаракат алган Юсупов кармалган. Додохонов ок жегенине карабастан качып кетүүгө үлгүргөн. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин биринчи орун басары Мансуржон Умаров РИА Новости агенттигине абактан качкандар Афганистандын аймагындагы террордук топтордун бирине кошулууну көздөшкөнүн билдирди. 

Маалыматка ылайык Додохонов 19-июнда саат 11.30да күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал ок чыгарып каршылык көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0