Актөбөдө дагы беш террорчу жок кылынды

Жазылуу
Кол салгандардын төртөө курчоого алынган батирден жок кылынса, алардын дагы бир шериги шаардагы атышуудан каза болду.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстандын Актөбө аймагындагы 5-июнда террористтик чабуул жасаганы үчүн изделип жаткан беш жаран жок кылынды. Мындан жергиликтүү тургундар жабыр тарткан жок. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетине таянуу менен Новости — Казакстан агенттиги билдирди.

Ыкчам иликтөө иш-аракеттердин натыйжасында согушкерлердин Некрасов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде экени аныкталган. УКК жана ИИМ кызматкерлери үйдү курчоого алып, жергиликтүү жашоочуларды эвакуациялашкан.

"Сүйлөшүү учурунда алар өз ыктыяры менен колго түшүүдөн баш тартып ок чыгарышты. Натыйжада төрт жаран жок кылынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда Мясоедов менен Арынов көчөлөрүнүн кесилишинде террорчулардын дагы бир шериги полициянын машинасын аткылап, жооп иретинде атылган октон каза тапты. ИИМдин эки кызматкери жеңил жаракат алганы айтылууда.

"Жергиликтүү тургундардан жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 5-июнда Актөбөдө радикалдар курал-жарак саткан эки дүкөндү жана аскер бөлүгүнө кол салган. Анын кесепетинен алты киши каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0