Актөбөдөгү терактыга тиешеси бар согушкерлерди кармоо учурунда ок атышуу болду

© REUTERS / Olzhas AuyezovАктөбөдө Казакстандын улуттук гвардиянын бронемашинасы. Архив
Актөбөдө Казакстандын улуттук гвардиянын бронемашинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жай тургундарга эч кандай коркунуч жаралган жок.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Актөбөдөгү терактыга тиешеси бар делген согушкерлерге карата антитеррордук операция учурунда куралдуу каршылык көрсөтүү болгонун Новости-Казакстан агенттиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Актөбөдөгү террорчулар чет жактан көрсөтмө алганын билдирди
Бүгүн 10-июнда Актөбө облусунда терактыга катыштыгы барларды кармоо боюнча атайын операция жүрүүдө. Колго түшүп берүүгө көнбөгөн согушкерлер куралдуу каршылык көрсөткөн. Антитеррордук аракеттер улантылууда, анын жыйынтыктары боюнча кошумча маалымат берилери коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө айтылат.

Жай тургундарга эч кандай коркунуч жаралган жок.

Белгилей кетсек, 5-июнда Актөбөдө радикалдар курал-жарак саткан эки дүкөндү жана аскер бөлүгүнө кол салган. Анын кесепетинен алты киши каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0