Назарбаев Актөбөдөгү террорчулар чет жактан көрсөтмө алганын билдирди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак президенти Актөбөдөгү кол салуулар "түстүү революция" кылууга болгон аракет экенин маалымдады.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Актөбөдө бир катар имараттарга кол салган террорчулар чет жактан көрсөтмө алганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Колдо болгон маалыматтарга ылайык, террордук аракеттер диний радикалдык агымды жактагандар тарабынан жасалган", — деди Назарбаев.

Казак президенти Актөбөдөгү кол салуулар "түстүү революция" кылууга болгон аракет экенин блегилеп, "радикалдар мамлекеттик бийликтин алын сынап көрүштү" деп айтты.

"Биз экстремисттер жана террористтерди жок кылуу үчүн кескин чараларды көрөбүз. Ага мамлекеттин күчү жана мүмкүнчүлүгү жетет", — деди Назарбаев.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз милициясы Казакстандын Актөбө аймагындагы окуядан кийин ишин күчөттү
Президент ошондой эле түзүлгөн абалга ыкчам чара көргөн полиция менен улуттук гвардиянын кызматкерлеринин жогорку даярдыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 5-июнда Актөбөдө радикалдар курал-жарак саткан эки дүкөндү жана аскер бөлүгүнө кол салган. Анын кесепетинен алты киши каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Бул кол салуудан улам Казакстанда 9-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0