Актөбөдөгү кол салуудан кийин 8 киши изделип жатат

© REUTERS / Shamil ZhumatovКазакстандын полиция кызматкерлери. Архив
Казакстандын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөөгө алынгандардын баарынын улуту казак жана Казакстанда туулгандар. Курагы болжол менен 26-33 жашта.

БИШКЕК, 7-июн — Sputnik. Казакстандын полиция кызматкерлери Актөбөдө кол салууга катышкан сегиз эркек киши изделип жаткандыгы боюнча маалыматты өлкөнүн булуң-бурчуна чейин таратты. Бул туурасында облустук Ички иштер департаментине таянып Новости-Казахстан кабарлады. 

Издөөгө алынгандардын баарынын улуту казак жана Казакстанда туулгандар. Курагы болжол менен 26-33 жашта. 

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз милициясы Казакстандын Актөбө аймагындагы окуядан кийин ишин күчөттү
Актөбө шаарында оор кылмыш жасап, кол салуу уюштургандыгы үчүн Актөбөдө туулган 27 жаштагы Танатаров Дмитрий Наильевич; аталган калаанын Каргалинск айлында туулган 26 жаштагы Танатаров Арсен Нурланович; Михайловка Актөбө облусундагы Михайловка айылында туулган 31 жаштагы Жубанов Айдос Жамбылович; Кызыл-Ордолук 33 жаштагы Куанышбаев Бакыт Бектаевич. Издөө салгандардын арасында Акмололук 31 жаштагы Сеилов Нурлан Тулегенович, Актөбөлүк 27 жаштагы Акпанбетов Алибек Даниярович, 28 жаштагы Башимов Айдар Аскарович жана Айтуган Арман Мейрамбайулы издөөгө алынган.

"Кимде ким бул адамдар туурасында кандайдыр бир кабар угуп, билип калса Актөбө облусунун Ички иштер департаментинин 8 (7132) 93-61-00, 93-60-14, 93-60-16 же 102 телефон номерлери аркылуу тез арада билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деп айтылат маалыматта. 

Жекшемби күнү кечинде белгисиз адамдар Актөбө шаарындагы курал-жарак саткан дүкөндү тоногон. Алар андан ары жолдо кетип бараткан автобусту күч менен токтотуп, аны менен Улуттук Гвардияга барып кол салган. Ал жердеги атышууда алты аскер кызматкери окко учуп, 38 кишиден ашыгы медициналык жардам үчүн кайрылган. 

Дүйшөмбү күнү кылмышкерлерди издөө операциясы жүргөн. Анда полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн беш кылмышкер жок кылынды, дагы экөө кармалганы кабарланган.

Открытие учений сил и средств разведки вооруженных сил стран ОДКБ Поиск-2016 - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга террорчулук кооптуулук боюнча "сары" деңгээл киргизилди
Казакстандын ИИМи кол салууну "радикалдашкан агымдардын тарапкерлери жасады" деген маалымат берген. Учурда Казакстанда террордук кооптуулуктун кызыл, ал эми жалпы өлкө боюнча 40 күнгө чейин сары деңгээли жарыяланган

Кол салуулардын кесепетинен аскер кызматкерлери менен жай жарандарды алганда 10дон ашуун киши курман болгон. Алардын сырткары, тогуз киши оор абалда ооруканада жатат.

7-июнга карата Актөбөдө 13 террорчу жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0