Актөбөдөгү кол салуудан кийин из жашырган жети киши изделип жатат

Жазылуу
Кылмышкерлердин колунда учурда беш курал калды деп билдирди полиция.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Полиция жекшемби күнү Актөбөдөгү кол салуудан кийин иш жашырган 6-7 кишини издеп жатат. Бул туурасында Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымовдун айтканына таянып Новости – Казахстан кабарлады. 

Буга чейинки кабарда шаарда терроризм күчүндө турат дегенди билдирген "кызыл" деңгээл белгиленип, террорчулукка каршы операция башталган. Актөбө аймагындагы абал учурда күч түзүмдөрүнүн тыкыр көзөмөлүндө турат. 

"Азыр биздин эсеп боюнча 6-7 кишини издеп жатабыз. Учурда алардын колунда беш курал калды", — деп билдирди дүйшөмбү күнү Касымов журналисттерге.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан: мурда жогорку кызматта турган аткаминерлер бийликти басып алууга шектелүүдө
Жекшемби күнү кечинде белгисиз адамдар Актөбө шаарындагы курал-жарак саткан дүкөндү тоногон. Алар андан ары жолдо кетип бараткан автобусту күч менен токтотуп, аны менен Улуттук Гвардияга барып кол салган. Ал жердеги атышууда алты аскер кызматкери окко учуп, ондон ашыгы жаракат алган. Ал эми кол салгандардын төртөө өлтүрүлүп, жетөө кармалып, дагы экөө жарадар болгон. 

Дүйшөмбү күнү кылмышкерлерди издөө операциясы жүргөн. Анда полиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн беш кылмышкер жок кылынды, дагы экөө кармалганы кабарланган.

Казакстандын ИИМи кол салууну "радикалдашкан агымдардын тарапкерлери жасады" деген маалымат берген. 

Кол салуулардын кесепетинен аскер кызматкерлери менен жай жарандарды алганда 10дон ашуун киши курман болгон. Алардын сырткары, тогуз киши оор абалда ооруканада жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0