Душанбеде "Ислам мамлекетинин" желегин илген киши алты жылга кесилди

© AP Photo / Hadi MizbanИслам мамлекетинин желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөдө эки бала базардан ак жана кара сыр сатып алып, кездемеге "Ислам мамлекетинин" белгисин тартып, аны былтыр 29-августтун түнү көпүрөгө илгендиги айтылат.

БИШКЕК, 20-май – Sputnik. Тажик техникалык университетинин студенти өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" желегин илгендиги үчүн алты жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Тажикстандын Жогорку сотунунун маалымат кызматынан билдиришкенин РИА Новости жазды.

"Душанбенин 21 жаштагы тургуну Даврон Курбонов ишмердүүлүгүнө Тажикстанда тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" желегин илгендиги үчүн өлкөнүн Кылмыш кодексинин 307-беренсинин негизинде алты жылга эркинен ажыратылды", — деп жазылат маалыматта.

Ирактын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иракта ИМ согушкерлери "Реалдын" фанаттарына кол салып, 16 жаран каза болду
Курбонов 2015-жылдын ноябрында, Душанбенин чет жакасындагы көпүрөлөрдүн бирине "Ислам мамлекетинин" желегин илди деген шек менен кармалган. Ал эми анын жанындагы 17 жаштагы жолдошу Кудрат Насруллоев төрт жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөдө эки бала базардан ак жана кара сыр сатып алып, кездемеге "Ислам мамлекетинин" белгисин тартып, аны былтыр 29-августтун түнү көпүрөгө илгендиги айтылат. Жогорку соттун маалымат кызматы студент мындан сырткары шаардагы интернет-кафелерден аталган террордук уюмга үндөгөн видеоматериалдарды көрүп, башкаларды да көрүүгө чакырып жүргөн деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0