Турганбаев: тажик кесиптештер менен кылмыштуулукка каршы бирге күрөшөбүз

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ИИМ басчысы Мелис Турганбаев. Архив
Кыргызстандын ИИМ басчысы Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр өз сөзүндө иш-чара максатына жеткенин белгилеп, эки мекеменин ортосунда достук мамиле чыңдалганына токтолду.

БИШКЕК,16-апр. — Sputnik. Тажикстандык кесиптештер менен кылмыш дүйнөсүнө каршы биргеликте күрөшөбүз. Бул тууралуу Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлеринин жолугушуусун жыйынтыктап жатып ИИМ башчысы Мелис Турганбаев айтты. 

ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу кайчы пикирлерди чечүү жолдорун издейт
Эскерте кетсек, кечээ Согду облусунун Гулистан шаарында эки өлкөнүн ички иштер министрлери баштаган биргелешкен коллегия өтүп, анда жаңыча шартта кызматташуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле актуалдуу делген маселелер талкууланган. 

Турганбаев эки өлкөнүн аталган министрликтеринин ортосундагы ишеничтүү карым-катнаш чек ара аймактарындагы коопсуздукту тартипке келтирүүдө жана кылмыш дүйнөсү менен күрөшүүгө салымын кошорун белгиледи.

"Иш-чара ички иштер органдары үчүн абдан маанилүү болду. Мени таң калтырганы —биздин маселелер окшош экен. Дагы бир жолу баса белгилеп өтөйүн, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында коопсуздукту сактоо боюнча кызматташтыкты бекемдешибиз кажет", — деди министр.

Ал аталган иш-чара өз максатына жеткенине токтолуп, эки мекеменин ортосунда достук мамиле чыңдалганын айтты.

"Бири-бирибиз менен жакындан таанышып, бир үй-бүлө сыяктуу болуп калдык. Чек ара аймагында жашаган калктын коопсуздугун камсыз кылып, кылмыш дүйнөсү менен чогуу күрөшөбүз, — деди Турганбаев.

Министр кыргыз милиционерлери тажик кесиптештерге жардам берүүгө даяр экенин белгилеп, тажрыйба алмашуу менен реформа жүргүзүүгө боло турганын кошумчалады. 

Муну менен бирге Турганбаев аталган коллегияда кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгын билүү үчүн кийинки жылы Кыргызстанда жолугушуу өткөрүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0