Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу кайчы пикирлерди чечүү жолдорун издейт

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Архив
ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров өзбекстандык кесиптеши менен Ташкентте жолукту.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан ШКУ алкагында алаканы кеңейтүүгө даяр экени эки өлкөнүн Коргонуу кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу КР Коргоо кеңешинин катчылыгы билдирди.

Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: пансионаттар маселеси Өзбекстандын таасиринен улам чечилбей келген
Белгилей кетсек, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын боло турчу жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен Өзбекстандын президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов 13-апрелде жолуккан. 

Тараптар аймактык коопсуздук боюнча пикир алышып, кыргыз-өзбек мамилесиндеги эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын тыгыз кызматташтыгынын маанилүүлүгү жана учурда болгон кайчы пикирлерди чечүүдө ийкемдүү жол издеп, Кыргызстан менен Өзбекстандын коңшулук мамилесин чыңдоо керектиги айтылды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 11-жолугушуусу бүгүн Ташкент шаарында өтүүдө.

Өзбекстан пайдаланып келген Кыргызстандагы пансионаттар тууралуу Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0