Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат курулат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүДубай шаарына көрүнүш. Архив
Дубай шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны курууга бир миллиард доллар керектелип, 2020-жылга чейин бүтүшү пландалууда.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Дубайда дүйнөдөгү эң бийик имарат курулат. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн жаңы ат майдан курулат
Аны курууга бир миллиард доллар керектелип, 2020-жылга чейин бүтүшү пландалууда. Азырынча анын бийиктиги канча болору так айтыла элек. 

Долбоордун дизайнын испаниялык архитектор жана скульптор Сантьяго Калатрава Вальс түзгөн. Анда ресторан, көңүл ачуучу борборлор жана кеңселер болот. 

Аталган имарат буга чейин эң бийик деп эсептелген ушул эле шаарда жайгашкан 828 метрлик Бурдж-Халифадан бийик болору айтылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0