Түркмөндөр "бир күкүм алтынга тете – бир тамчы суу" майрамын белгилешет

© Sputnik / Михаил Кухтарев / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандагы Каркум чөлү. Архив
Түркмөнстандагы Каркум чөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдын максаты — Түркмөнстанда суунун баасы алтынга тете экендигин көрсөтүү. Бул өлкөдө кум учкан Каракум жана Кызылкум чөлдөрү эбегейсиз аймактарга созулуп жатат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түркмөнстан келе жаткан жекшембиде "бир тамчысы бир күкүм алтынга тете суу" деп аталган улуттук майрамын белгилейт. Максаты — Түркмөнстанда суунун ранкы алтынга тете экендигин көрсөтүү. Бул өлкөдө кум учкан Каракум жана Кызылкум чөлдөрү жаткандыктан, калкка, өзгөчө жаштарга сууга сарамжалдуулук менен мамиле кылууну үйрөтүү. 

Түркмөнстандын аянтынын көп бөлүгү суунун жоктугунан улам, жашоого, пайдаланууга жараксыз. Андыктан, түркмөндөр үчүн суу алтындан да баалуу. Сууну барктап, баалоого чакырган иш-чаралар адатта көлмөлөрдүн, дарыялардын, көлдөрдүн жана каналдардын жээктеринде өтөт. Бул күнү суу чарбасынын алдыңкылары президенттин колунан мамлекеттик, акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди алышат. Сууну чыгарган адамдар эзелтеден эле бул өлкөдө сый-урмат менен кабыл алынып келген. 

Нооруз майрамын майрамдоо. - Sputnik Кыргызстан
Нооруз жөнүндө кызыктуу беш факты
Майрам быйыл Каракум дарыясынын жээгинде өтөт. Бул жерде элдик майрамдоолор уюштурулуп, айыл жана суу чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулат. Концерт тартууланып, спорттук таймаштар болот. Акырында жалпы эл чыгып бак отургузат. 

"Бир күкүм алтынга тете — бир тамчы суу" майрамын түркмөнбашы Сапармурат Ниязов 1995-жылы негиздеген. Түркмөнбашы 1,5 чакырымга созулган Каракум каналын куруу түркмөндөр үчүн тагдыр чечүү курулуш деп билген. Ал өткөн кылымдын 80-50-жылдары курулган. Канал какырап кургап калган жерге жашоо берип, сугат жерлерди миңдеген гектарга көбөйткөн. Ал эми анын жээгинде жаңы айылдар пайда болгон. Сапармурат Ниязов аталган каналдын маанисин белгилеш үчүн ага Каракум-дарыя атын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0