КР менен болгон оюндан соң Тажикстан командасынын машыктыруучулары иштен алынды

© Sputnik / Таджикистан Тажикстандын жана Кыргызстан курама командасы. Архив
Тажикстандын жана Кыргызстан курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Кыргызстандын курама командасы Душанбеде өткөн оюнда тажик футболчуларын утуп алды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Тажикстандын курама командасынын машыктыруучулар курамы толугу менен отставкага кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Тажиктерди уткан кыргызстандык футболчулардын кубанычы койнуна батпай турду
Кечээ кыргызстандык команда 0:1 эсеби менен тажикстандык команданы утуп алган. Оюн 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү. Бул Кыргызстандын командасы үчүн квалификациялык этапта акыркы оюн болду.

Буга чейин федерация жетекчилиги машыктыруучуларды толугу менен кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.

Мындан улам башкы насаатчынын милдетин аткарып келген Мубин Эргашев өзүнүн жардамчылары менен команданын Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи раундундагы начар оюну үчүн ээлеген кызматынан кетти.

Тажикстандык команда тайпада төртүнчү орунду ээледи. 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатынын тандоо туруна машыктыруучулардын жаңы курамы даярдайт. Команданын жаңы дайындала турган башкы машыктыруучусу жардамчыларын өзү тандап алары айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0