Тажикстандык футболчулардын машыктыруучусу ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткарып келген Мубин Эргашев. Архив
Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткарып келген Мубин Эргашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан командасы менен боло турган беттешүүгө тажик командасын башкы ага машыктыруучу алып чыгат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Тажикстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткарып келген Мубин Эргашев Душанбенин Улуттук медициналык борборуна жаткырылганын өлкөнүн Футбол федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, машыктыруучу ооруканага жүрөгү ооруп кайрылган.

Ырчы Омурбек Жанышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футболчуларды колдоо үчүн кыргызстандык ырчы-чоорчулар Душанбеге барышат
42 жаштагы адистин акыркы кезде ден соолугу начарлап кеткени айтылат. Дарыгерлер футболдон четтеп, саламаттыгына кам көрүүнү сунушташкан.

Эргашевдин оорусунан улам 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында 29-март күнү өтүүчү Кыргызстан менен беттешүүгө тажик командасын ага машыктыруучу Роман Пилипчук алып чыгат. 

Украиналык адис 28-мартка белгиленген маалымат жыйынга катышары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0