Туристтер Азиядагы 9 мамлекет үчүн "Жибек Жолу" визасын алгысы келет

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАнталья пляжындагы турист. Архив
Анталья пляжындагы турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дээрлик 10 миң саякатчы сурамжылоого алынган. Кыргызстан туристтер үчүн Улуу Жибек Жолу менен тыгыз байланыштагы Азиядагы тогуз өлкөнүн катарына кирет.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Туризм тармагындагы мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк маселеси Орто Азиядагы мамлекеттердин тийиштүү органдары тарабынан Берлинде талкуулаганын Sputnik Тажикстан Бириккен Улуттар уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.

Аэропортто жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар визасы жок 58 мамлекетке бара алышат – рейтинг
Аткаминерлер туризм тармагындагы салыкты жөнөкөйлөтүү керектигин, жеке секторду өнүктүрүү жана өз мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарнамалоону колго алуу зарылдыгын талкуулашты.

Сунушталган докладда 10 миң саякатчыдан алынган сурамжылоо жазылган. 10 респонденттин сегизи Жибек Жолу тууралуу укканын айтып, айрымдары ага кайсы мамлекеттер кирерин да санап беришкен. Туристтердин баамында Жибек Жолундагы мамлекеттерге Кытай, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Түркия, Түркмөнстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Азербайжан кирет.

Андан сырткары, сурамжылоого катышкандар эгер бул мамлекеттерге Европа өлкөлөрүнө берилген Шенген визасы сыяктуу "Жибек Жолу визасы" берилсе саякаттоого даяр экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0