Кыргызстандык соттор Ташкентке барып билимин жогорулатат

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүТашкент шаары. Архив
Ташкент шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тренинг соттордун квалификациясын жогорулатууга багытталып, ага Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык соттор Ташкентте өтүүчү семинарга катышарын Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Аталган семинар 15-17-күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтөт. 

Ал "Жазык иштерин териштирүүдө жана соттук кароодо электрондук далилдерди алуу жана пайдалануу" темасына арналмакчы. 

Тренинг соттордун квалификациясын жогорулатууга багытталып, ага Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0