Астанадагы "Абу-Даби Плаза" имаратында чыккан өрттүн видеосу сайттарга жарыяланды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАстана шаарына көрүнүш. Архив
Астана шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астанада курулуп жаткан 380 метрлик комплексте өрт чыкты. Аталган имараттын курулушу бүткөрүлсө, Орто Азиядагы эң бийик көп кабаттуу комплекс болуп калат дешкен.

БИШКЕК, 13 фев. — Sputnik. "Абу-Даби Плаза" комплексиндеги чыккан өрттүн видеосун интернет колдонуучулар сайттарга чыгарышты.

Аталган комплекстин курулушу аяктаса, Орто Азиядагы эң бийик имарат болуп калат.

Имараттын 25-кабатында чыккан өрт газ баллондордун жарылышына алып келген. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү.

Долбоор боюнча имараттын бийиктиги 380 метрди түзүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0