Казакстанда 400 миң сомдук асыл тукум жылкыны уурдап, союп салган жаран кармалды

Жазылуу
Учурда мал уурулукка шектелген жаран Алматы облусунун полициясы тарабынан кармалды. Келтирилген чыгым эки миллион тенге (400 миң сом) деп бааланууда.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунун полициясы асыл тукум жылкы уурдаган деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Новости – Казакстан маалымат агенттиги аймактын ички иштер департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Алматы облусунун Карасай райондук полициясына жергиликтүү айыл-чарбанын башчысы кайрылып, 2015-жылы декабрда анын асыл тукум жылкысы (алдын ала маалыматтар боюнча таза кандуу күлүк – ред.) уурдалганын айткан. Ал жазган арызында өз алдынча издөө аракеттери жыйынтык бербегенин билдирген.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 37 жаштагы киши жылкыны уурдап союп алганы маалым болду. Далил катары жылкынын териси шектүү жарандын үйүнүн жанындагы аңдан табылган", — деп айтылат полиция тараткан билдирүүдө.

Келтирилген чыгым эки миллион тенге (400 миң сом) деп бааланууда. Мал ууру кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0