Казакстандын парламент депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштоодо

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүКазакстандын парламентинин имараты. Архив
Казакстандын парламентинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттеги үч фракциянын бардык депутаттары мажилисти (төмөнкү палата) мөөнөтүнөн мурда таратууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казак парламентинин депутаттары мажилисти (парламенттин төмөнкү палатасы) мөөнөтүнөн мурда таркатып, кезексиз шайлоо өткөрүүнү сунуштап жатканын фракция өкүлдөрү шаршемби күнү брифингде маалымдашты.

"Парламенттеги бардык үч фракциянын өкүлдөрү мажилисти мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштап жатат", — деп биргелешкен билдирүүнү окуп жатып депутат Нурлан Абдиров билдирди.

Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат
Ал ошондой эле, жаңы тарыхый учур келгенде өлкөдө масштабдуу модернизация жана президенттин реформаларын бардык саясый багыт боюнча ишке ашыруу абдан маанилүү экенин айтты. Андыктан партиялар жаңы мандат алып, шайлоочулардын ишенимин акташы керек. Антикризистик чараларды көрүп, аларды ишке ашыруу үчүн бешинчи чакырылыштагы мажилисти таратып, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүү демилгеси көтөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0