Казакстанда "Рахаттын" көгөрүп кеткен момпосуйлары табылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүТарелкадагы конфеттер. Архив
Тарелкадагы конфеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан импорттогон "Рахат" момпосуйларына жарандар тарабынан даттануулар түшкөн же түшпөгөнүн билүү үчүн монополияга каршы мамлекеттик агенттигине Sputnik кайрылды.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу комитет Караганды облусунда кондитердик таттуулардын курамын текшерген. Жыйынтыгында үч компаниядан көгөрүп кеткен продукциялар табылган. Алардын катарында Кыргызстанга продукциясын экспорттоочу АК "Рахат" фирмасынын момпосуйлары дагы бар.

Бишкектиктер эң көп сатып алчу азык-түлүктүн рейтинги
Бул фактылар боюнча соода объектилерине мөөнөтсүз текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында АК "Рахат" менен "Конфеты Караганды" таттууларын саткан бир нече объектилерге айып пул салынган. 

Кыргызстан импорттогон "Рахат" момпосуйларына жарандар тарабынан даттануулар түшкөн же түшпөгөнүн билүү үчүн Өкмөттүн монополияга каршы мамлекеттик агенттигине кайрылдык. 

Агенттикке караштуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн адиси Зарина Калмуратованын айтымында арыз түшкөн фирмалардын аталышы жарыялоого берилбейт. 

"Кыргызстандын мыйзамы боюнча кайсы фирманын продукцияларына көп арыз түшкөнү тууралуу маалымат жарыяланбайт", — дейт Калмуратова. 

Анын айтымында Кыргызстанда таттууларга караганда сүт азыктарына даттануулар көп түшөт.

"Продукциялардын упаковкасында көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн өтө элек болсо дагы көгөрүп кеткен учурлар катталат. Мындай учурда биз ишканага эскертүү кагазын жөнөтөбүз. Алар биз берген мөөнөттүн ичинде жараксыз продукцияларын жок кылууга тийиш", — дейт Калмуратова.

Дольче Вита: кондитерлер тууралуу таттуу репортаж
Эгерде ишканалар берилген мөөнөттө жараксыз деп табылган продукцияларын сатыктан алып салбаса, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айып пул салууга акылуу.

Ал эми коңшу Казакстандагы "Рахат" фирмасы боюнча катталган фактыга таянуу менен фирмага мөөнөтсүз текшерүү жүргүзүү мүмкүн эмес. Себеби, Кыргызстандын мыйзамы боюнча текшерүүгө алуу үчүн сөзсүз түрдө жарандардан арыз түшүүсү керектелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0