Жабык өлкө катары саналган Түндүк Корея БУУнун башка катчысын 23-ноябрда кабыл алат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив
Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул БУУ башчысы Пан Ги Мундун Түндүк Кореяга биринчи сапары болуп калмакчы. Баш катчы ал жактан Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун 23-ноябрда Түндүк Кореяга келип түшөт. Бул туурасында кытайлык "Синьхуа" маалымат агенттиги Кореянын башкы телеграф агенттигине таянып маалымдады.

Лариса Вон: Түндүк Кореяны калган дүйнө менен элдештирүү — Россиянын миссиясы
Бул акыркы жыйырма жыл аралыгындагы дүйнөлүк уюмдун башысынын биринчи сапары болуп калмакчы. Акыркы ирет 1993-жылы расмий иш-сапар менен БУУнун алтынчы Башкы катчысы Бутрос-Гали барган. Бул аптада түштүк кореялык "Ренхап" маалымат агенттиги БУУ өкүлүнүн аталган өлкөгө барарын билдирдип, бирок, датасын так атаган эмес.

Пан Ги Мун бул ирет Түндүк жана Түштүк корея өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртууга арачы катары чыгып, андан сырткары аталган өлкөдөгү өзөктүк куралдар маселесин жөнгө салууга аракетин кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0