Казакстандын Кордай аймагынан КР жараны эмгек кулчулугунан бошотулду

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКулпу. Архив
Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал фермердик чарбалардын биринде бир канча жылдан бери күч менен кармалып келген.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кордай аймагында күч менен эмгек кулчулугунда жүргөн Кыргызстандын жараны бошотулганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жыл Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргыз аял Алматыдагы консулдукка жеткирилди
Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Казакстандын ИИМ өкүлдөрү жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте Кордай районунун Карасу айылында бир нече жылдан бери фермердик чарбалардын биринде эмгек кулчулугунда жүргөн жаранды бошотушту.

Аталган жаран психологиялык жана укуктук жактан жардам алуусу үчүн Алматы шаарындагы реаблитациялык борборлордун бирине жайгаштырылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0