Кылмышкерлердин түрмөдөн качуусунан улам Казакстан өз чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" текшерүү пунктунун жумушчулары. Архив
Ак-Жол текшерүү пунктунун жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыгып, аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлтүрүлүп, бирөө катуу жаракат алган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Казакстандын чек ара кызматы Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы көзөмөлдү кылмышкерлердин түрмөдөн качып чыкканынан улам күчөткөнүн Sputnik агенттигине КР чек ара кызматы билдирди.

ЖАМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке кантип чыкканын айтып берди
Дүйшөмбүгө караган түнү түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын кызматкерлеринин үчөө өлтүрүлүп, бирөө катуу жаракат алган. Жол кайгуул кызматы кылмышкерлердин бешөөнү кармап, калгандары издөөгө алынды.

Чек ара кызматы казактар качкындардын өлкө аймагына кирүүсүнөн кооптонуп, көзөмөлдү күчөткөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0