Блиц боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык шахматчы коло медалга ээ болду

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүШахматные фигуры на доске. Архивное фото
Шахматные фигуры на доске. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдеш швейцариялык система менен ойнолуучу тогуз партиядан турат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү 11-октябрда белгилүү болот.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Блиц-шахмат боюнча Азия чемпионатынын коло медалын кыргызстандык спортчу 12 жаштагы Руслан Сездбеков жеңип алганын Шахмат федерациянын жетекчиси Милан Турпанов билдирди.

Бишкекте 5-октябрь күнү 20 жашка чейинки спортчулардын арасында мелдеш өтүп, блиц боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Кыргызстанда биринчи ирет шахмат боюнча Азия чемпионаты өтөт
Мында сегиз упай менен өзбекстандык Нодирбек Якубов биринчиликти камсыздаса, Ирандан келген шахматчы Масуд Мосадегпур экинчи орунду ээледи. Кыргызстандык шахматчы спорт чеберине талапкер Съездбеков алты упай менен коло медалга жетти.

Ал эми айымдар арасындагы мелдеште өзбекстандык спорт чебери Гельрухбегим Тохирджонова сегиз упай менен Азия чемпиону болду. Экинчи орунга индиялык Ивана Мария Фуртадо татыса, Кытайдан келген Лиао Руи үчүнчү болду. 

Кыргызстанда шахмат боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мелдеш швейцариялык система менен ойнолуучу тогуз партиядан турат. Чемпионаттын жеңүүчүлөрү 11-октябрда белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0