Дарига Назарбаева Казакстандын вице-премьер-министри болду

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевтин кызы Дарига Назарбаева. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевтин кызы Дарига Назарбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаевдин тун кызы буга чейин Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевтин кызы Дарига Назарбаеваны премьер-министрдин орун басары кылып дайындаганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргенин newskaz.kz маалымат агенттиги маалымдады 

Дарига Назарбаева буга чейин Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикерлик кызматын аркалаган.

52 жаштагы Назарбаева Казакстан парламентинин төмөнкү палатасында "Нур Отан" фракциясын 2014-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. Ал ошондой эле 2000-жылдардын башында "Асар" партиясын жетектеп, 2006-жылы аталган партия "Нур Отанга" кошулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0