Казакстандын премьери: тенгенин курсу эркин өзгөрүп туруучу тартипке өттүк

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүКазакстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Накталай акча рыногу биржалык жаңылыкка дароо жооп кайтарып, бир нече саат мурун эле 188,8 теңге болуп жаткан доллардын баасы банктар менен акча алмаштыруу жайларында 197-198 теңгеге чыкты.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Өлкөнүн премьер-министри Карим Масимов улуттук валютанын алмаштыруу курсуна эркин өзгөрүп туруучу тартибине өтө тургандыктарын билдирди деп кабарлайт Новости-Казахстан.

Шаршембиде KASEде теңгенин орточо курсу долларга карата бир аз — 0,03 теңгеге түшүп, 188,38 теңге болгон, бирок эртең мененки аз көлөмдөгү соодалашууда доллар баасы 195 теңгени түзгөн.

Накталай акча рыногу биржалык жаңылыкка дароо жооп кайтарып, бир нече саат мурун эле 188,8 теңге болуп жаткан доллардын баасы банктар менен акча алмаштыруу жайларында 197-198 теңгеге чыкты.

"Экономиканын бардык секторлорунда өкмөттүн реформаларын колдоо зарылчылыгы инфляциялык таргеттөөгө өтүүнү тездетүүгө объективдүү шарттарды жаратат. Жаңы экономикалык саясат дүйнөлүк экономикадагы терс өзгөрүштөрдүн шартында экономикалк өсүш менен баалардын туруктуулугунун ортосунда тең салмактуулукту сакташ үчүн жаңы акча-насыя саясатын талап кылат", — деди Масимов өкмөттүн селектордук кеңешмесинде.

"Ушуга байланыштуу Улуттук банк жана өкмөт 2015-жылдын 20-августунан тартып инфляциялык таргеттөө тартибине негизделген жаңы акча-насыя саясатын иште киргизип, валюталык коридорду жоюп жана акча алмаштыруу курсу эркин өзгөрмө тартибине өтүүнү чечти", — деп кошумчалады.

Премьердин айтымында, теңгенин алмаштыруу курсу рыноктогу суроо-талаптын негизинде "фундаменталдуу ички жана тышкы макроэкономикалык факторлорду" эске алуу менен түзүлөт. "Бул алмаштыруу курсу алсырап да, бекемдеп да турушу мүмкүн дегенди билдирет жана бул дүйнөлүк экономика менен ички валюталык рыноктогу абалга жараша болот", — деди Масимов.

Ал Улуттук банк теңгенин рыноктук алмаштыруу курсунун калыптанышына кийлигишпей турганын, бирок, өлкөнүн каржы тутумунун туруктуулугуна коркунуч жаралган учурда валюталык интервенция аркылуу ички валюталык рынокко катышуу мүмкүнчүлүгүн сактап кала тургандыгын белгиледи. 

"Рыноктун суроо-сунуштарына жараша алмаштыруу курсу мамлекеттин кийлигишүсү жок калыптанышы экономикалык өсүштү калыбына келтирүүгө, насыялык жана инвестициялык активдүүлүктү көтөрүүгө, жаңы иш орундарын түзүүгө жана инфляцияны орто аралыктагы келечекте 3-4 пайызга түшүрүүгө өбөлгө болот", — деди Масимов.

Ал айтымында, жаңы акча-насыя саясатын ишке ашыруу ата мекендик экономиканын узак мөөнөттүү туруктуу өсүшүнө, инфляциянын төмөндүгүнө, иш менен камсыздыктын жогорулугуна жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган стратегиялык милдеттерди аткарууга көмөкчү болмокчу. 

"Өкмөт менен Улуттук банк калктын социалдык коргоого мукташ катмарларын колдоп, баалардын негизсиз өсүшүнө, айрыкча, социалдык маанидеги товарлар менен кызматтардын кымбатташына жол бербөө үчүн чараларды көрөт", — деп ишендирди өкмөт башчы.

Масимовдун сөзүнө караганда, дүйнөлүк экономикада абал начарлап баратат.

"Биздин өлкөнүн негизги экспорттук өндүрүмү болгон мунай менен металлдын баалары түшүүдө, бул ички дүң сооданын өсүш тездигине терс таасир кылып, ата мекендик экономиканы тышкы терс көрүнүштөрдүн алдында коргоосуз калтырууда. Экспорттук кирешенин төмөндөшү республикалык бюджеттин кирешесине жана өлкөнүн төлөм балансына кесепетин тийгизип жатат", — деди ал.

Өз кезегинде Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Кайрат Келимбетов жаңы акча-насыя саясаты мурда экономикалык саясат комитети тарабынан талкууланып жактырылганын айтты. "Улуттук банктын башкармалыгы да инфляциялык таргеттөөгө өтүп, валюталык коридорду жоюп, 2015-жылдын 20-августунан тарта алмаштыруу курсунун эркин өзгөрмө тартибине өтүүнү колдоду", — деди Келимбетов.

Июлдун ортосунда Казакстандын Улуттук банкы тенгенин алмаштыруу курсунун кубулуу коридорун бир доллар үчүн 170-188 теңгеден 170-198 теңгеге чейин кеңейтип, муну тышкы конъюнктуранын начарлашы, биринчи кезекте, мунайдын баасынын төмөндөшү менен түшүндүргөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0