Казакстан мажилиси Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусун колдоду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАстана шаарындагы президенттин сарайы. Архив
Астана шаарындагы президенттин сарайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсеге көбөйөт деген ишеним бар дейт министр.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Мажилистин төмөнкү палатасы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялаганын РИА Новости билдирет. 

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында ЕАЭБге кошулуу боюнча Кыргызстан ички процедураларды толук аяктаган.

"2015-2017-жылдар аралыгында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки эсе көбөйөт деп ишенебиз. Кыргыз Республикасына Казакстандан буудай, көмүр, ун, болот экспорттолот", — деди улуттук экономика министри Ерболат Досаев.

Минск шаары, Архив - Sputnik Кыргызстан
Беларусь парламенти Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн ратификациялады
21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек. Армения жана Беларусь парламенттери документтин ратификациясын колдоп беришти.

РФ президенти ушундай эле документти Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү. Россия парламенти аталган мыйзам долбоорун шаршемби күнү карашы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0