Тажикстан ИИМдин ОМОН командачысы Сирияга качып кетишинин себептерин териштирүүдө

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириядагы Крак де Шевалье сепилинде жоокер. Архив
Сириядагы Крак де Шевалье сепилинде жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 мүнөткө созулган видео кайрылууда Халимов пальма дарагынын жанында снайпердик куралчан, кара кийимчен туруп, өзү туурасында орусча айтып жана "Ислам мамлекетинин" катарына ИИМдеги иш ыкмаларына каршылыгын билдирүү иретинде кошулганын түшүндүргөн.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Сирияда "Ислам мамлекетинин" согушчандарынын катарына кошулгандыгы жөнүндө билдирген ИИМдин полковниги МВД Гулмурод Халимовдун жоголушуна байланышкан жагдайды иликтөө үчүн Тажикстандын Башкы прокуратурасы атайын штаб түздү деп билдирет аталган мекеменин эл аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Манучехр Махмудзода.

Тажикстандын ИИМине караштуу өзгөчө максаттагы милиция отрядынын (ОМОН) командачысы полковник Халимов 23-апрель күнү ишке келбей, ошондон бери дайынсыз жоголгон. Жакындарынын айтымында, ал бир аз акча (120 долларга жакын) таштап, документтеринин баарын үйгө калтырып, жакында келем деген бойдон чыгып кеткен.

"ОМОНдун командачысы жөнүндө болгон маалыматты иликтөө боюнча штаб түзүлдү. Ага ИИМдин, Башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кирди", — деп айтты журналисттерге Махмудзода бейшемби күнү.

УКМК: Сирияга кетти деп шектелген дагы 30 адамдын багыты такталууда
Анын сөзүнө караганда, кылмыш иши бардык маалымат иликтенип чыккан соң гана козголот. Күч органдарынын колунда азыр дайынсыз жоголгон командирдин 27-майда соцтүйүнөргө чыккан видео кайрылуусунан башка да маалыматтар бар.

12 мүнөткө созулган видео кайрылууда Халимов пальма дарагынын жанында снайпердик куралчан, кара кийимчен туруп, өзү туурасында орусча айтып жана "Ислам мамлекетинин" катарына ИИМде намаз окууга жана мусулмандардын кийимин кийүүгө тыюу салуучу тартиптерге каршылыгын билдирүү иретинде кошулганын түшүндүргөн. Ошондой эле ал Тажикстандын бийлигин шариятка каршы келүүчү мыйзамдарды кабыл алгандыгы үчүн сынга алган. Видеотасмада азан чакырган үн угулуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0