Бир катар мамлекеттердин элчиликтери Казакстандагы ардагерлерди куттуктады

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрдагерлерди куттуктоо. Архив
Ардагерлерди куттуктоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагерлерди салтанаттуу кабыл алуу иш чарасынын алкагында Улуу Ата мекендик согуш жөнүндөгү видеолор көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бир катар мамлекеттердин элчиликтери Казакстандагы ардагерлерди куттуктаганын КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги ачылды
6-майда Астана шаарындагы Кыргызстандын, Азербайжандын, Армениянын, Белоруссиянын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын элчиликтери Казакстандын тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Улуу Жеңиштин 70 жылдыгынын урматына иш чара уюштурду.

Иш чарага Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, элчиликтин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ЖМКнын өкүлдөрү келди.

Иш чарага келгендерди Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов куттуктады.

Ардагерлерди салтанаттуу кабыл алуу иш чарасынын алкагында Улуу Ата мекендик согуш жөнүндөгү видеолор көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0