Шайлоодо 97 пайыздан ашуун добуш алган Назарбаев элге ыраазчылыгын айтты

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүШайлоо алдындагы плакаттар. Архив
Шайлоо алдындагы плакаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экзит-поллдун чыккан маалыматы боюнча Назарбаев президенттик шайлоодо берилген добуштардын 97,36 пайызына ээ болгон.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча шайлоодо башка атаандаштарына караганда алда канча көп добуш алды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматына таянып, РИА Новости маалымдады. 

Социалдык жана саясий иликтөөлөрдүн "Стратегия" деп аталган борбору добуш бергендерге салынган сурамжылоо Назарбаевдин берилген добуштардын 97,36 пайызына ээ болгон. Ал эми илимий изилдөөчүлөрдүн "Демократия институту" деп аталган ассоциациясы анын 97,5 пайыз добуш алгандыгын маалымдады. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоого шайлоочулардын 95,11 пайызы келгендигин кабарлады. 

"Мен ар бир жаранга, ар бир үй-бүлөгө мага ишенип берген добушу үчүн ыраазчылыгымды билдирем. Ал эми президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеси Казакстан элдеринин ассамблеясына таандык болуп, ал казакстандыктар тарабынан колдоого алынды", — деген Назарбаев.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан, өлкө эгемендүүлүк алгандан тарта башкарып келе жатат. Бул анын төртүнчү мөөнөтү. Акыркы шайлоо 2011-жылы өтүп, ал шайлоочулардын 95 пайыздан ашык добушун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0