Коңшу мамлекеттердин башчылары Атамбаевди, кыргызстандыктарды Нооруз менен куттуктады

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүНооруз
Нооруз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Афганистандын президенттери куттуктады.

БИШКЕК, 21-мар. – Sputnik. Нооруз майрамынына карата КР мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жана Кыргызстан элинин дарегине Өзбекстан президенти Ислам Каримовдон, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевден, Тажикстан президенти Эмомали Рахмондон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдон, Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Ганиден куттуктоо телеграммалары келди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирет.

Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани келе жаткан жаңы жыл эки элге тең тынчтык, бейпилдик жана өнүгүү, эки тараптуу достук мамилелердин өнүгүшүн алып келет деген ишенимин билдирген.

Назарбаевдин куттуктоосунда “Достукка жана өз ара түшүнүүгө негизделген, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле мындан ары да биздин элдин жыргалчылыгы үчүн бекемдей берээрине ишенем”, — деп айтылат. 

Президенттер Каримов, Бердымухамедов, Рахмон КР мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын достук элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0