Шектелүүчү Өзбекстанда телеберүүчүнү өлтүргөндүгүн моюнга алды

© flickr.com / stefan_fotosНочной Ташкент, Узбекистан. Архивное фото
Ночной Ташкент, Узбекистан. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынган, баңгилик көз карандылыктан жабыркоочу Рахматилла Мирзаевдин үйүн тоногону кирип, үй ээси аны көрүп калган үчүн өлтүрүп салган.

БИШКЕК, 11-мар — Sputnik. Өзбекстандын белгилүү теледиктору Рахматилла Мирзаевди өлтүргөндүк үчүн айыптоо боюнча кармалган адам күнөөсүн мойнуна алып, көрсөтмө берди деп билдирет РИА Новости Өзбекстандын ИИМдин өкүлүнө таянуу менен.

Мирзаевдин көп сандагы бычак менен сайылган жансыз денеси 2-март күнү эртең менен Ташкенттин чет-жакасында жайгашкан өз үйүнүн короосунан табылган. Эртеси күнү Ташкент областынын ИИБнын кызматкерлери ошол эле областтын 21 жашар тургуну Кахрамон Шоазизовду кармашкан.

"Шоазизов Мирзаевди бычак менен үч жолу уруп, өзүн башкара албаган абалда анын үйүндө жашынууга аракет кылган", — деп тактайт агенттиктин маектеши. 

Анын айтымында, баңи затына көз карандылыктан жабыркаган бул кармалуучу диктордун үйүн тоногону кирип, үй ээси аны көрүп калган үчүн өлтүрүп салган.

2014-жылдын 22-сентябрында Мирзаев 60 жашка чыккан. Ал Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясы тарабынан берилүүчү жаңылык программалараларын жана мамлекеттик майрамдык салтанаттарын алып барчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0