03:18 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Здание Министерства внутренних дел Таджикистана

Тажикстандагы кыргыз cтуденттерине экстремисттик уюмдардан алыс болууну айтышты

© Sputnik / Игорь Лекаркин
Азия
Кыскача шилтеме алуу
24 0 0

Ички иштер министрлиги Тажикстанда окуп жаткан кыргызстандык студенттерге экстермизм менен күрөшүү туурасында айтып берип, аларды сак болууга, Тажикстан мыйзамдарын сактоого чакырды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Тажикстандагы кыргызстандык студенттерге адистер экстремизм боюнча айтып беришти деп билдирди КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы. 

Маалыматтарга караганда, Тажикстандагы КР элчилигинин жана ИИМдин өкүлдөрү Душанбе шаарында окуп жаткан кыргызстандык студенттерге мамлекеттин ички эрежелери менен мыйзамдарын сактоо зарылдыгын белгиледи. Экстремисттик, диний жана оппозициялык кыймылдардан алыс болууну айтты. 

ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчиси жолугушуунун катышуучуларына диний экстремизмдин Борбор Азиядагы азыркы тенденциялары туурасында маалымат берди. Ал жаштар радикалдык исламчылардын торуна алданып түшүп калып, Сирия менен Афганистандын аймагында согуштук аракеттерге катышып жүргөндүгүн айтты. 

Мамбеталиев азгыруу иштери социалдык түйүндөр аркылуу жүрүп жаткандыгын айтып, студенттерди кыраакы болуп, кирген өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырды. 

ИИМдин маалыматтарына караганда, Тажикстанда өкмөт аралык квотанын негизинде кыргызстандык 140 жаран билим алып жатат.

Белгилер:
студент, диний радикалдашуу, ИИМ, Рафик Мамбеталиев, Тажикстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ