Тажикстандын башкаруучу партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыкты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТажикстандагы шайлоо. Архив
Тажикстандагы шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы Эмомали Рахмон жетектеген элдик-демократиялык партия 65,2 пайыз добуш менен парламенттик шайлоодо жеңишке жетти. Тажикстандын парламентинин курамына дагы үч партия кирет.

БИШКЕК, 2-мар — Sputnik. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен 65,2 пайыз добуш алган Элдик-демократиялык партиясы биринчи орунду ээлегенин Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Шермухаммед Шохен маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 5 пайыздык босогону дагы үч партия аша алган. Экинчи орунду 11,8 пайыз добуш алуу менен Агрардык партия ээледи. Үчүнчү орунду ээлеген Экономикалык реформалар партиясы 7,6 пайыз добуш алды. Социалдык партия төртүнчү болуп парламенттен орун алат. Ал 5,5 пайыз добуш алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын айтымында, Мажлиси Олиге болгон шайлоо Тажикстандын мыйзамдарына шайкеш келип, эркин өттү. Шайлоого 3 миллион 791 миң 827 киши катышты. Бул жалпы калктын 87,7 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0