Депутат Казакстандын башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө КЭАнын кайрылуусун билдирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРабочий визит В.Путина в Белоруссию
Рабочий визит В.Путина в Белоруссию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылууда Казак Республикасынын президентин шайлоо боюнча кампания мажилиске шайлоого туш келбей турганы, бул өлкөнүн ичинде туруктуулукту жана элдин добуш берүү процессинин сапатуулугун камсыз кылары жөнүндө айтылат. Ошондой эле анда шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү маселесин бир нече жолу көтөргөндүгү да белгиленет.

БИШКЕК, 19-фев — Sputnik. Казакстан парламентиндеги мажилистин (төмөнкү палатанын) депутаты Жуматай Алиев палатанын пленардык отурумунда Казакстан элинин ассамблеясынын (КЭА) мөөнөтүнөн мурун президентитк шайлоо өткөрүү жөнүндө кайрылуусун окуп берди деп билдирет РИА Новости.

Парламентарийдин айтымында, КЭА президенттик шайлоо өткөрүүнү глобалдуу масштабдагы оор сынак мезгилинде өлкөнүн туруктуу өсүшүн улантуу максатында демилгелеп жатат.

"Биз мамлекет башчысына президенттик шайлоону белгиленген мөөнөттөн мурда өткөрүү жөнүндө сунушубузду колдойт деген үмүттө кайрылуу жиберип жатабыз. Казакстан элинин ассамблеясы татаал мезгилде респубилканы өнүктүрүүнү улантуу үчүн Нурсултан Абишевичке ишеним көрсөтүү зарыл деп эсептейт", — деди Алиев.

Ассамблеянын делегаттары ишембиде президентти шайлоо процессин белгиленген мөөнөттөн мурда өткөрүү демилгесин колдошкон. Акыркы жолу да өлкө башчысы белгиленген күндөн эрте 2011-жылдын 3-апрелде шайланганы да айтылат. Казакстандын тургундары анда Назарбаевге өз добушунун 95,55 пайызын берген.

Кайрылууда шайлоочулар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү маселесин бир нече жоло көтөрүшкөнү айтылат.

"Республиканын ар кайсы булуӊ-бурчунан жана ар түрдүү социалдык катмарлар бир нече ирет кайрылышкан", — деп түшүндүрдү депутат.

Анын пикиринде, глобалдуу масштабдагы сыноолорго карата туура аракеттерди көрүү керек.

"Казакстандын башчысы сунуш кылган иш-аракеттер планы улут эл башы менен бириккенде гана ийгиликтүү болот", — деп баса белгиледи Алиев.

Кыргызско-казахская граница - Sputnik Кыргызстан
Казакстан менен болгон бажылык башкаруу 1-майдан тарта токтотулат
Кайрылууда Казак Республикасынын президентин шайлоо боюнча кампания мажилиске шайлоого туш келбей турганы, бул өлкөнүн ичинде туруктуулукту жана элдин добуш берүү процессинин сапатуулугун камсыз кылары жөнүндө айтылат. Ошондой эле шайлоо Казакстандын мамлекеттүүлүгүн күчтөндүрүүгө өбөлгө болот деп айтылат.

Депутаттын сөзүнө караганда, улуттун макулдугун алуу менен республлка башчысы "Казакстан-2050" стратегиясын ийгиликтүү ишке ашыра алат. Эл президенттин тегерегинде баш кошуусу керек. Ал эми аны мөөнөтүнөн мурун шайлоо мамлекеттин экономикасын жакшыртмакчы. 

Ɵз кезегинде Казакстан парламентинин башчысы Кабибулла Джакупов Назарбаевге өтүнүч менен кайрылды.

"КазРдин Баш мыйзамынын 41-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекет башчысын шайлоону белгиленген мөөнөттөн эрте жылдырып, КЭАнын демилгесин колдоп берүүнү сизден өтүнөбүз", — деди мажилистин төрагасы.

Джакупов Казакстан элинин ассамблеясынын кайрылуусун эл депутаттары бир добуштан колдоду деп кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0