Текебаев "Ислам мамлекети" уюмунун террористтери өлкөгө кирип келиши мүмкүн дейт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: "Ислам мамлекети" тобунун желеги
Архив: Ислам мамлекети тобунун желеги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ислам мамлекети" террористтик уюму Кыргызстанга кирип, биздеги криминалдашкан абалдан пайдаланып өзүнүн эрежелерин таңуулашы мүмкүн деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 6-фев — Sputnik. "Уюшкан кылмыштуу топтор жаңы деңгээлге чыгууда. Мындай криминалдашкан абалда бизге эртең эле "Ислам мамлекети" террордук тобу кирип келиши мүмкүн", — деген пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Жума күнкү Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Текебаев 2014-жылы Ошто болгон тоноочулук жөнүндө айтып, ал жактан 5 миллион доллар уурдалганын эскертти.

"Спорт клубдун балдары мындай кылмыш иштерине барбайт. Уюшкан кылмыштуу топ жаңы сапаттуу деңгээлге чыгып атат. Алардын укук коргоо органдарында "крышалары" бар. Демек бул ири мафия. Аэропорттун жетекчилиги тоноо боюнча кантип билбесин? Алардын өздөрүнүн күзөт кызматы бар да. Учурда өлкө жаңы чакырыктардын алдында турат. Алардын ичинен эң коркунучтуусу – "Ислам мамлекети" тобу", — деди ал.

Текебаевдин айтымында, аталган террордук уюмдун идеологиясы – зомбулук экенин, биздин жарандар да Сирияга барып жатканын кошумчалады.

Эл өкүлү кээ бир маалыматтарга караганда Кыргызстандан – 500 киши, Казакстандан – эки миң киши, Өзбекстандан – үч миң киши бар деген маалыматтар бар экенин айтты. "Бизде эмне деген кылмыштар, адам өлтүрүүлөр болуп жатат? Эгер ушундай улана берсе, эртең "Ислам мамлекети" тобунун террористтери кирип келип, өздөрүнүн эрежелерин таңуулай баштайт", — деди Текебаев.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев өткөн жылы терроризмге тийиштиги бар делип 100дөн ашык киши, Сирия жана Афганистандагы согуштук аракеттерге баруу боюнча 86 учур катталганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0