Өзбекстанда парламентке добуш берүү аяктады

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ташкент шаары
Архив: Ташкент шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын БШК биринчи күнү жарыялоону убада кылды БШКнын маалыматы боюнча саат 17.00гө (Москва убактысы боюнча 15.00) добуш берүүчү жайларга катталган шайлоочулардын 78,4 пайызы (16,3 миллионго жакын адам) келди. Өзбекстандын 20,79 миллиондон ашык жараны шайлоого катышуу укугуна ээ.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Өзбекстанда парламенттин мыйзам чыгаруучу (төмөнкү) палатасына шайлоого добуш берүүчү участоктор жекшембиде саат 20.00дө (Москва убактысы боюнча 18.00) жабылды деп билдирет РИА Новости.

КРдин тарыхында ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө ниеттенип жатабыз
БШКнын маалыматы боюнча саат 17.00гө (Москва убактысы боюнча 15.00) добуш берүүчү жайларга катталган шайлоочулардын 78,4 пайызы (16,3 миллионго жакын адам) келди. Өзбекстандын 20,79 миллиондон ашык жараны шайлоого катышуу укугуна ээ. 

Андан сырткары, Өзбекстандын Экологиялык кыймылынын конференциясы да аяктады. Анда мыйзам чыгаруучу палатага аталган кыймылдын атынан 15 депутатты шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү өттү. Депутаттыкка талапкерлер конференцияда республиканын ар бир административдик-аймактык бирдигинен жана Экокыймылынын борбордук кеңешинин аткаруу комитетинен көрсөтүлгөн. 

Ушуну менен Өзбекстанда парламенттик шайлоо бешинчи жолу өттү. Эки палаталуу парламент биринчи жолу 2005-жылы түзүлгөн. Мыйзам чыгаруучу палатада беш жылдык мөөнөт менен 150 депутат туруктуу иштейт.

Каттоого алынган төрт саясий партия — Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы (ӨзЛиДеП), Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы (ӨЭДП), Өзбекстандын "Миллий тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу")демократиялык партиясы, Өзбекстандын "Адолат" ("Акыйкат") Социал-демократиялык партиясы — шайлоонун жүрүшүнө 135 орунду бөлүп алышат. Андан сырткары, 15 орун Өзбек Республикасынын Экологиялык кыймылынан депутаттарга берилет. Шайлоого Өзбекстандын 20,79 миллиондон ашык жараны катышуу укугуна ээ. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын БШК 22-декабрда жарыялоону убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0