Абдулла Абдулла: Ооган өкмөтү этникалык кыргыздарга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүүгө даяр

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОоганстандын Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен
Ооганстандын Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Ооганстан өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде Ооганстандагы этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү маселесин талкуулады.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Астана шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин алкагында премьер-министр Жоомарт Оторбаев ООганстандын Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту.

"КРдин Кабулдагы элчилигинин эки тараптуу мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу максатында жасап жаткан иштери менен демилгелерин Ооганстан өкмөтү колдоого алынарына ишенебиз", — деди Оторбаев. 

Архив: Памирлик кыргыз кызы - Sputnik Кыргызстан
Памирдеги кыргыздар балдарын Кыргызстандан окутууга кызыктар
Жоомарт Оторбаев Ооганстандагы жана жалпы аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо максатында өлкөдөгү ыкка келүүнү колдоого Кыргызстан даяр экендигин айтты. 

Андан соң тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык байланыш деңгээлин өнүктүрүү жагын өзгөчө белгилешти. Жоомарт Оторбаев келечекте Кыргызстандын Ооганстан менен биргеликте ар кыл тармактагы долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн айтты. Оторбаев суу-энергетикалык тармакта — өзгөчө биргелешкен долбоор катары CASA-1000 эсептелерин, аймактык инфраструктураны өнүктүрүүдө Түштүк Чыгыш Азияны Борбордук Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган трансазиаттык коммуникация жолдорун курууну белгиледи. 

Абдулла Абдулла ооган адистерин КР ЖОЖдорунда даярдоо боюнча да сөз кылды. Оторбаев кыргыз тарап колдогу мүмкүнчүлүктү эске алуу менен, ооган жаштарын КР ЖОЖдорунда окутуу боюнча кызматташууну кеңейтүүгө болорун айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ооганстандагы этникалык кыргыздар боюнча кеңири сөз болду. Кандаштарыбыздын көйгөйүн, анын ичинде алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык тейлөөлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана этникалык топ, о.э. анын маданиятын сактап калуу боюнча сүйлөшүлдү.

Абдулла Абдулла Ооган Өкмөтүнүн жергиликтүү кыргыздарга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ооганстан Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевди Ооганстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0