Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Казакстанга келет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАрхив: Сергей Нарышкиндин Белоруссиядагы иш сапары
Архив: Сергей Нарышкиндин Белоруссиядагы иш сапары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Нарышкин 24-ноябрдагы иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин межилиси (төмөнкү палатасы) демилгелеген "Президент. Парламент. Интеграция" эл аралык конференциясынын ишине катышат.

БИШКЕК, 22-ноя — Sputnik. РФтин Мамлекеттик Думасынын спикери Сергей Нарышкин 23-24-ноябрь күндөрү Казакстанда болуп, ал жерде эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана "Президент. Парламент. Интеграция" эл аралык конференциясына катышат. Бул туурасында РИА Новости парламенттин төмөнкү палатасынын сайтына таянып билдирди. 

"Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин Казакстанга иш сапары менен келет. Иш сапарынын алкагында 24-ноябрь күнү Нарышкин Казакстандын парламентинин межилиси (төмөнкү палатасы) демилгелеген "Президент. Парламент. Интеграция" эл аралык конференциясынын ишине катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары, Нарышкин бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0