Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүСаясатчы Алексей Навальный
Саясатчы Алексей Навальный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Алексей Навальныйдын Жемкорлукка каршы күрөш фондунун* (ЖКФ) америкалык клону пайда болду. Американын Массачусетс штатында Anti-Corruption Foundation, Inc. (ACF) катталган.

Аны Жемкорлукка каршы күрөш фондунун штабдарынын** мурдагы башчысы Леонид Волков жана аткаруучу директору Владимир Ашурков жетектейт.

Башкармалыкка россиялык "Пробизнесбанктын" мурдагы теңата кожоюну Александр Железняк да кирген. Бул киши Россияда банктан миллиарддаган рублди уурдоого айыпталган. Бул туурасында RT каналы Массачусетс штатынын юридикалык жактар реестринде жарыяланган документтерден тапкан.

Эксперттердин пикиринде, жаңы фонд Навальныйдын тарапташтарына Stripe төлөм тутуму аркылуу жардамга түшкөн каражаттарын кабылдоо жана америкалык өкмөттүк уюмдардан грант алуу үчүн зарыл.

Anti-Corruption Foundation, Inc. коммерциялык уюмунун түптөлгөнүнө көп боло элек. Массачусетсте 2021-жылдын 27-июлунда ачылганын аталган штаттын юридикалык жактардын реестринен (opencorporates.com) алынган көчүрмө тастыктап турат.

Бул маалыматтарга ылайык, Леонид Волков, Владимир Ашурков жана Александр Железняк – фонддун директорлору. Ошону менен бирге эле Волков ACF президенти, Ашурков — вице-президенти жана казыначысы.

Эске салсак, үчөө тең россиялык укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө салынган. Ашурков Навальныйдын пайдасына каражат топтоодо 10 миллион рублди кымырып алган деген айып менен 2014-жылдан бери изделет. Волковго өспүрүмдөрдү мыйзамсыз митингге тарткан деген айып менен быйыл февраль айында издөө салынган.

"Пробизнесбанктын" мурдагы кожоюндарынын бири Железнякты россиялык тергөөчүлөр аталган банк жана ага караштуу "Лайф" каржылык тобунан 28 миллиард рубль уурдаган деген шек менен 2017-жылдан бери издеп келишет.

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүү"Пробизнесбанктын" мурдагы теңата ээси Александр Железняк
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
"Пробизнесбанктын" мурдагы теңата ээси Александр Железняк

Железняк иш жүзүндө Россиянын бюджетине да залал келтирген, анткени ал келтирген зыянды Аманатчыларды камсыздандыруу боюнча мамлекеттик агенттиги төлөп берген деп эсептейт юрист, Navalny Leaks долбоорунун автору Илья Ремесло. Башкача айтканда Железняк, эксперттин айтымында, ЖКФ күрөшө тургандардын бири болуп саналат.

"Жемкорлукка каршы күрөшчүлөр фонддун жетекчилигине ири уурулуука тиешеси бар адамды алып келишкени өтө кызык. Железняк мамлекеттен уурдалган он миллиарддаган каражатка заңгыраган үй сатып алган. Дал ошол турак үйгө ЖКФ жайгашкан", — дейт Ремесло.

Манхэттенге ишеним кат менен

Массачусетстеги ACF "чет элдик корпорация" катары катталган. Америкада бул термин менен алгач катталган жерден айырмаланган штат же юрисдикцияда бизнес жүргүзгөн ишкана мүнөздөлөт. Аталган фонд аталышы окшош Нью-Йорк фондунун филиалы болгону үчүн ушундай макам алган.

"Чет жердеги ишмердик жана көмөк көрсөткөн чет өлкөлүктөрдү өздөштүрүү, ошондой эле АКШнын башка штатында ишмердик жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк корпорацияны каттатуу зарыл.

Навальныйдын кызматкерлери адегенде Нью-Йоркто ички юридикалык жакты түптөп, кийин чет өлкөлүк корпорация деп аталган бөлүмүн Массачусетсте ачышкан", — деп түшүндүрөт Ремесло.

Нью-Йорктогу ACF мындай аталышка быйыл 19-майда ээ болгон. Анткен менен уюм өзү 2020-жылдын апрелинде эле пайда болуп, ал кезде Rikolto, LTD деп аталган.

Россиялык прокуратура Навальныйдын Жемкорлукка каршы фондун экстремисттик уюм деп таануу боюнча сотко кайрылгандан бир ай өтпөй аталышы алмаштырылган. Штаттын юридикалык тараптар реестринен алынган көчүрмөгө ылайык, 27-июлдан тарта Леонид Волков Нью-Йорк ACF  корпорациясын жетектейт.

© Фото / NYS Department of StateМассачусетс штатынын юридикалык тараптар реестринин көчүрмөсү
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Массачусетс штатынын юридикалык тараптар реестринин көчүрмөсү

Ошондой эле Бруклиндеги Rikolto корпорациясынын баштапкы дарегине ар кыл багыттагы ондогон фирмалар катталган.

"Документтеги өзгөртүүлөр болду-болбоду, 2021-жылдын май айында Нью-Йорктогу юридикалык тарап ЖКФ кызматкерлерине кайра катталган. АКШга барбастан эле интернет аркылуу электрондук тастыктама жана иишеним кат менен жүргүзүлгөн деп айта алам. Бул Кошмо Штаттарда кеңири таралган көрүнүш, юридикалык кеңсе өзүнө фирма ачып, кайра сата алат. Башынан каттоо машакаттарына чыгым болуудан көрө мындай ыкма сатып алуучуга да ыңгайлуу", — деп түшүндүрдү чет элдик активдер боюнча атын атагысы келбеген адис.

Алексей Навальный. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2020
"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?
Жогоруда келтирилгендерге таянуу менен ЖКФтин америкалык версиясынын негиздөөчүлөрү жергиликтүү юристтерден "даяр" Rikolto уюмун сатып алганын боолголосок болот. Ошондо Бруклиндеги юридикалык дарек Манхэттенге алмашкан. Эми нью-йорктук кеңсе Брод-стрит, 85 дареги боюнча Каржылык кварталында. Айтмакчы, ушул эле көчөдө Нью-Йорк фондулук биржасы жана J.P. Morgan банкынын мурдагы башкы кеңсеси жайгашкан. ЖКФтин жаңы кеңсеси 12 кырдуу имараттын 30-кабатында. Андан эгиз мунаралар кыйраган жердеги 9/11мемориалына жөө он мүнөттө жетүүгө болот. 2009-жылга чейин бул жерде Goldman Sachs кеңсеси болгон. Ушул тапта имарат бизнес-борбор катары пайдаланылат.

Качып жүргөн банкирдин канатында

Аталышы алмашкандан туура эки айдан соң, тагыраак, 2021-жылдын июлунда Нью-Йорктогу фонд Массачусетсте филиал ачкан. Катталганын Массачусетс жетекчилиги тарабынан берилген чет өлкөлүк корпорация тастыктамасынын көчүрмөсү далилдейт. Анда Александр Железняк менен фонддун президенти Леонид Волковдун каттоо агентинин колу коюлган, бул – резидент эмес ишканалардын каттоо юрисдикциясы боюнча мамлекеттик органдардын байланышы үчүн жооптуу жак.

© Фото / The Commonwealth of MassachusettsМассачусетс бийлиги тарабынан берилген чет өлкөлүк корпорация сертификатынын көчүрмөсү
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Массачусетс бийлиги тарабынан берилген чет өлкөлүк корпорация сертификатынын көчүрмөсү

Уюмду түзүүнүн максаты документтерде "АКШ, Россия, Европа жана дүйнөдө жемкорлукка каршы жана укук коргоо долбоорлоруна катышуу" деп көрсөтүлгөн. Корпорациянын дареги: 88 Cutler Lane, Chestnut Hill.

Кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык аянталарга таянсак, бул аянты 2 279 чарчы метрлик заңгыраган турак үй. Россиялык маалымат каражаттары жазып чыккандай, 2016-жылы үйдү 4,4 миллион долларга банкирдин жубайы Ольга Железняк сатып алган. Андай келишим болгонун кыймылсыз мүлк сатуу боюнча америкалык сайттардагы маалыматтар тастыктап турат. Checkpeople онлайн-маалымат базасы да бул дарек Ольга жана Александр Железнякка таандык экенин айгинелейт.

© Фото / priceypads.comКыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык аянтчаларга таянсак, бул үйдүн аянты – 2 279 чарчы метр
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык аянтчаларга таянсак, бул үйдүн аянты – 2 279 чарчы метр

Үй Железнякка Россияда кылмыш иши козголгондон бир жыл мурун сатып алынган. Тергөө версиясы боюнча, каражат жалган насыялоо схемасы менен уурдалып турган. "Пробизнесбанк" жалган фирмаларга атайылап кайтарымсыз насыяларды берген. Ликвиддик эмес кагаздарды сатып алуу деген түр менен ал жактан акчалар жогорку жетекчиликтин карамагындагы офшорлорго агылып турган. Жогоруда айтылган кыймылсыз мүлк да ушундай жол менен чыгарылган каражатка сатып алынганы айтылат.

Юрисдикция маселелери

Навальныйдын санаалаштары биринин аркасынан бири чет өлкөгө чыгууда. Волков жана Ашурков өңдүүлөрү бир топ мезгилден бери Россиядан тыш жашап келишет. 2021-жылы ЖКФтин негизги кызматкерлеринин көпчүлүгү Европа аймактарынан жана КМШ өлкөлөрүнөн орун тапты.

© Sputnik / Мария Нахманович / Медиабанкка өтүүНавальныйдын санаалаштары биринин аркасынан бири чет өлкөгө кетүүдө. Волков жана Ашурков өңдүүлөрү көптөн бери Россияда жашашпайт
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Навальныйдын санаалаштары биринин аркасынан бири чет өлкөгө кетүүдө. Волков жана Ашурков өңдүүлөрү көптөн бери Россияда жашашпайт

Анткен менен жаңы "башкы кеңсе" катары россиялык оппозиционерлер дал АКШны тандап алышкан.

"Америка бир нече себеп менен тандалган. Алардын бири – чет өлкөлүк ЖКФке түшкөн төлөмдөрдүн оператору болгон америкалык Stripe компаниясы менен келишим түзүү үчүн юридикалык тараптын зарылдыгы", — деп эсептейт Илья Ремесло.

Чындап эле августтун башында Волков фондго көмөктөшүүнүн коопсуз жана купуялуу варианты катары Stripe сервисин каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы ыкмасы экенин жарыялаган.

"Биз толугу менен россиялык банк тутуму, каржылык инфраструктурасынан кеттик", — деген Волков YouTube каналында.

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВолков фондго көмөктөшүүнүн коопсуз жана купуялуу варианты катары Stripe сервисин кайрымдуулук кылуунун жаңы ыкмасы экенин өткөн айдын башында эле жарыялаган
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Волков фондго көмөктөшүүнүн коопсуз жана купуялуу варианты катары Stripe сервисин кайрымдуулук кылуунун жаңы ыкмасы экенин өткөн айдын башында эле жарыялаган

Stripe онлайн-төлөм кызматына ЖКФ быйыл июнь айында фонд жана ага байланышкан коммерциялык эмес уюмдарды сот экстремисттик деп тапкандан кийин кайрылган. Экстремисттик уюмду каржылоо үчүн РФ жарандары кылмыш жообуна тартылышы ыктымал. Ошондуктан ЖКФ катардагы демөөрчүлөрүнүн коопсуздугу үчүн башка ыкмаларды издей башташкан. Фонддун бюджетинин 22 пайызын ошондой жардамдар түзөт. Калган 78 пайызын фонддун кызматкерлери жана чет өлкөлүк ири ишкерлер салган.

Чындыгында Stripe ЖКФке жардамын кошкон ар бир демөөрчүнүн изин текшерип турарын белгилешет маалыматтык коопсуздук эксперттери, демек, 100 пайыз купуялуулук тууралуу кеп да жок.

Купуялуулуктун жоктугун Ремесло да тастыктайт. Ал изилдөөсүндө АКШдагы ЖКФтин жаңы юридикалык жагын PayPal төлөм формасы аркылуу тапкан. Бул каражаттарды алган тарап катары көрсөтүлгөн.

Венгриядан келген америкалык инвестор жана меценат Жорж Сорос. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2020
"Сорос" фонду кандай иштейт? Молдовалык депутаттын иликтөөсү
"Бул маалымат банк көчүрмөлөрүндө камтылган, бул укук коргоо органдарына ачык өңдөнөт. Андан ары Росфинмониторинг аркылуу россиялык банктарга төлөм маалыматтары боюнча өтүнмөлөр жөнөтүлүп, көмөк көрсөткөндөр боюнча маалымат алынат", — деп жазат Ремесло өзүнүн Telegram каналында. Океан ар жагына көчүүнүн экинчи себебин Ремесло Навальныйдын санаалаштарынын АКШ тараптын "колдоосу" деп атаган.

"Кошмо Штаттар Навальный менен анын командасына колдоо көрсөтүүнү адатка айланткан, ал жакта Навальный NED*** ("Демократияны колдоо улуттук фонду" – ред.) грант алып турган убактан тарта байланыштары бар. Волков сыяктуу эле Йель университетинде окуган", — деп белгилейт юрист. Анын пикиринде, дегеле америкалык компания америкалык өкмөттүк фонддордон "грант алуу үчүн төп келет". Ошондой эле эксперт банкир Железняктын ролу фондду жетектөөдө катышуусу менен гана чектелбейт деген ойдо.

"Ал уурдалган акчанын эсебинен ЖКФке демөөрчүлүк кыларын боолголойм. Жеке маалыматтарым боюнча, Железняк менен америкалык атайын кызматтар да кызматташат. Ага ЖКФти Россияга өткөрбөө убадасы менен табышташкандай", — деп болжойт Ремесло.

Ал муну ЖКФтин америкалык мамлекеттик органдар менен байланышы, Россиянын ички иштерине кийлигишүүнүн далили катары баалап, жагдайга укуктук баа берүүгө ниеттенет.

"Мамлекеттик Думанын чет өлкөлүк кийлигишүүнү иликтеген комиссиясына, РФ ТИМ жана Башкы прокуратурасына кайрылайын деп турам. Америкалык өнөктөштөргө: кайсы негизде жемкорлорду колдоп, Россиянын ички иштерине аларды колдонуп жатканын суроо зарыл", — дейт Ремесло.

* ЖКФ РФ Юстиция министрлигинин 09.10.2019 чечими боюнча чет өлкөлүк агенттин функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдар реестрине кирген. Уюм Москва шаардык сотунун 09.06.2021 чечими менен экстремисттик деп табылып, Россиянын аймагында ишмердигине тыюу салынган.

** "Навальныйдын штабы" коомдук кыймылы Москва шаардык сотунун 09.06.2021 чечими менен экстремисттик деп табылып, Россиянын аймагында ишмердигине тыюу салынган.

*** "Демократияны колдоо улуттук фонду" (The National Endowment for Democracy) ишмердиги РФ Башкы прокуратурасынын 28.07.2015 чечими менен РФ аймагында туура келбес уюм катары табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0