Кыргызстандагы электрондук капчыктар. Колдонуу шарттары

© Sputnik / Валерий МельниковТелефон колдонуп жаткан адам. Архив
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Жазылуу
Акыркы жылдары Кыргызстанда электрондук капчыктар бир топ популярдуу болуп, жарандар көп пайдалана баштады.
Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкөдө иштеген электрондук капчыктарга кантип катталса болорун жана кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин билип көрдү.
Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, КР мыйзамдарында эл арасында кеңири колдонулуп калган "мобилдик капчык" деген түшүнүк жок. Анын ордуна "электрондук капчык" сөз айкашы пайдаланылат. Электрондук капчык — бул электрондук акча сакталып жана кимге тиешелүү экенин далилдеп турчу программалык камсыздоо.
2020-жылдын аягында өлкөдө 12 электрондук капчык бар болчу. Алар: "Элсом", Umai, "Компаньон", "Илбирс", Balance, Megapay, "О! Деньги", "Аманат", Mbank Online", Namba One, "Алтын" жана "Мобильник деньги".
Былтыркы жылдын экинчи кварталынан тарта акыркы экөөнүн иши чектелип калган. Тагыраагы, алардан акча алууга гана болот. Мындан тышкары, "Аманат" капчыгын жеке тараптар колдоно албасы белгилүү болду.

Колдонуу шарттары

Банк карталагы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2020
Кыргызстанда кайсы банктын карталары киреше алып келет. Тизме

Төмөндө биз негизги маалыматтарды гана бердик. Ар биринин өзгөчөлүктөрү бар, бирок тексттин көлөмү өтө чоң болуп калбашы үчүн алардын бардыгын кошо алган жокпуз. Бирок ар бир капчыкты жазып жатканда расмий сайтына шилтемелер көрсөтүлгөн. Аларга кирип,  шарттары менен толук таанышып алса болот.

Баса, катталуунун эки жолу бар — онлайн жана кеңсеге барып толук идентификациядан өтүү. Онлайн-каттоодон гана өткөн капчыктарда транзакциянын көлөмү боюнча чектөөлөр бар.

"Элсом" капчыгы

Толук шарттары: https://elsom.kg/
  • долбоордун ээси — KICB банкы.
  • толуктоо акысы — акысыз (KICB банкында эсебиңиз болсо). Башка учурда 2 сомдон 3 пайызга чейин;
  • акча алуу — акысыздан баштап (KICB картасына же эсебине которгондо) 0,3-1 пайызга чейин (аз дегенде 5-10 сом);
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — "Элсом" капчыктарынын ортосунда 2 сомдон, "Компаньон" капчыгына — 1,5 пайыз;
  • транзакциянын суммасы —  миң сомдон 800 миң сомго чейин;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык жана банктык төлөөлөр акысыз. Башкалары (мамлекеттик электрондук кызматтар дагы бар) 60 сомго чейин;
  • насыя алуу мүмкүнчүлүгү — айына 500 сомдон 15 миң сомго чейин (жылдык чени 30 пайыз жана насыя берилип жатканда сумманын 5 пайызы алынат);
  • калдык акчага пайыз төлөө — жылына 5-10 пайыз (200 сомдон жогору).

Umai капчыгы

Кеңири шарттары: www.umai.kg
  • долбоордун ээси —"Компаньон" банкы;
  • толуктоо акысы — 15 сомго чейин;
  • акча алуу — операция эки этап менен өтөт. Алгач "Элкарт" картасына өткөрүү (комиссия 0,7 пайыз). Андан соң картадан чыгаруу (комиссиясы сиздин банктын тарифинен көз каранды);
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — "Элсомго" 0,7 пайыз, Balance, Megapay, "О! Деньги" сыяктуу башка капчыктарга комиссиясыз;
  • транзакциянын суммасы — айына 150 миң сомго чейин;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтар акысыз;

Mbank Online

Кеңири шарттары: https://www.cbk.kg/mobile-banking
  • долбоордун ээси — "Кыргызстан коммерциялык банкы";
  • толуктоо акысы — акысыз (анын ичинде Pay24, Quick Pay, Umai, "Оңой" аркылуу дагы). Башка терминалдарда, банк тиркемелеринде жана электрондук капчыктарда 2 пайызга чейин;
  • акча алуу — банктын тарифтерине ылайык, учурда 0-1 пайыз;
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — "Элкарт Мобайл" — 1 пайыз, "Компаньон", Optima 24, "О!", — 1,5 пайыз, Balance жана Megapay — 2,5 пайыз.
  • транзакция суммасы — күнүнө 500 миң сомго чейин;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтарды төлөө акысыз. Калгандары 1 сомдон тарта бир пайызга чейин;
  • Каттоодон өтүү үчүн бул банктын картасы керек. Ээсинин айтымында, бул долбоор электрондук капчык эмес, мобилдик банкинг болуп эсептелет.

Balance капчыгы

Кеңири шарттары: https://balance.kg/
  • долбоордун ээси — "Скай Мобайл" ЖЧКсы ("Билайн") жана "Дос-Кредобанк";
  • толуктоо акысы — "Дос-Кредобанк", Umai терминалдарынан, "Билайн" компаниясынын офисинен акысыз. Pay24 терминалынан — 2,5 пайыз;
  • акча алуу — "Beeline Элкарт" картасына которуу керек (1 пайыз), башка банктардын "Элкарт" картасы (1,5 пайыз). Ошондой эле акча алуу үчүн комиссия сиздин картанын тарифинен көз каранды;
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — Megapay, Umai комиссиясыз, "О! Деньги " жана "Элсом" — 2 пайыз;
  • Насая алуу мүмкүнчүлүгү — 30 миң сомго чейин;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтар акысыз. Башкалары 5-10 сом же 1 пайыз;
  • Катталуу үчүн "Элкарт" картасы керек.

Megapay капчыгы

Кеңири шарттары: https://www.megacom.kg/megapay/ru.html
  • долбоордун ээси — "Альфа Телеком" ЖАКсы (MegaCom) жана "Дос-Кредобанк";
  • толуктоо акысы — банк терминалдары жана "Билайн" компаниясынын кеңселеринде акысыз;
  • акча алуу — "Дос-Кредобанктын" кассасы аркылуу үч пайыз, "Элкарт" картасы (которуу комиссиясы 1 пайыз) жана кийинки акча чыгаруулар сиздин картаңыздын тарифинен көз каранды;
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — Megapay, Balance капчыктарына акысыз. "Элсомго" 3,5 пайыз;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтарга акысыз, калганы ар кандай баада;
  • транзакциянын суммасы — бир жолкусу 15 миң сомдон жогору эмес, айына 300 миң сом.

"О! Деньги" капчыгы

Кеңири шарттары: https://www.dengi.kg/
  • долбоордун ээси — "Дос-Кредобанк" жана "Нур-Телеком" ЖЧКсы ("О!");
  • толуктоо акысы — O!Store дүкөндөрүнөн балансты толуктоо акысыз. Ал эми компаниянын терминалдары аркылуу 3 сом комиссия төлөйсүз. Башка терминалдар аркылуу болсо, ошол банктын көрсөткөн ченемдери боюнча акы төлөгө туура келет;
  • акча алуу — банк эсебине жана карталарга которуу менен чыгарып алса болот. Банк аркылуу дароо капчыктан алам десеңиз миң сомдон жогорку сумманы алуу керек. Анда 2,5 пайыз төлөйсүз. "Элкарт" картасына 1 пайыз, башка карталарга 1,5 пайыз;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтарды төлөө акысыз. Жол эрежесин бузгандар айып пул төлөө үчүн 20 сом кошуп беришет;
  • транзакциянын суммасы — кеңседе идентификациядан өткөн капчыктардан бир ай ичинде 200 миң сом;
  • насыя алуу мүмкүнчүлүгү — айына 500 сомдон 5000 сомго чейин 10 пайыздык чен менен берилет.

"Компаньон" капчыгы

Кеңири шарттары: https://www.kompanion.kg/ru/retail/wallet_kompanion
  • долбоордун ээси —"Компаньон" банкы.
  • толуктоо акысы — акысыз ("Компаньон" банкынын терминалдары, кассалары, филиалдары аркылуу). Башка банктардын терминалдары аркылуу 1-2 пайызга чейин;
  • акча алуу акысы — банктын өзүнүн банкомат жана терминалдарынан 0 - 0,4 пайыз. "Компаньон" банкынын кассалары аркылуу 0,5 пайыз. Агенттер аркылуу 30 сом. Башка банктардын банкоматтарынан алсаңыз, ошол банктын шарттарына жараша төлөйсүз;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык кызматтар, интернет, уюлдук байланыш жана соода борборлорунан соода кылуу акысыз. Башка кызматтарга 5 сомдон башталат;
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — "Компаньон" капчыктарынын ортосундагы которуу 500 сомго чейин акысыз. Андан жогору болсо суммасына жараша 2 сомдон 90 сомго чейин. "Компаньон" банкындагы эсептерге которуулар дагы акысыз. Кайсы банктыкы экенине карабай "Элкарт" картасына каражат которуу 0,5 пайыз;
  • транзакциянын суммасы — кеңседен идентификациядан өткөн капчыктардан айына 6 миллион сомго чейин (бир жолку транзация 200 миң сомго чейин) акча которууларды аткарса болот;
  • насыя алуу мүмкүнчүлүгү — 30, 45 же 60 күнгө 1 миң сомдон 15 миң сомго чейин 8 пайыздык (суммадан) чен менен кредит алса болот;

Namba One капчыгы

Кеңири шарттары: https://nambaone.app/
  • Долбоордун ээси — "Региональные Платежные Системы" ЖЧКсы жана "Кыргызстан коммерциялык банкы" өнөктөш банк;
  • толуктоо акысы — 1-2 пайыз.
  • акча алуу акысы — башка электрондук капчыктар, карталар аркылуу өткөрүп же "Кыргызстан коммерциялык банкы" аркылуу накталай акча алса болот. Акысы 1-2 пайыз;
  • кызматтарды төлөө акысы — коммуналдык жана мамлекеттик кызматтар акысыз. Коммерциялык кызматтар 5 сомдон башталат.
  • башка банк жана капчыктарга акча которуу — орто эсеп менен 1 пайыз.
  • бир күндүк транзакциянын суммасы — бир капчыкта эң көп дегенде 1 миллион сом кармоого болот. Бул сумманын ичинде транзакциялар боюнча чектөө жок.

"Илбирс" капчыгы

"Бакай банкына" тиешелүү "Илбирс" электрондук капчыгы учурда иштеген жок.

Электрондук капчыктар коопсузбу?

Улуттук банктан билдиришкендей, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамына ылайык, электрондук капчыктар банктар менен өнөктөш болуп, алар аркылуу гана иштей алат.
"Ал эми өлкөдө жарандардын каражатын сактоо боюнча коопсуз звено катары банк системасы эсептелет. Андыктан банк кайсы өнөктөш менен иштегенине карабай электрондук акчалар үчүн толугу менен жооп берет", — деп айтылат билдирүүдө.
Финансылык тескөөчү орган электрондук капчыкты пайдалануудан мурда анын коопсуздук шарттарын жакшылап карап көрүүнү сунуштайт. Мындан тышкары, каражатты пайдалануудагы чектөөлөргө көңүл бурулушу керек.
Түшүм чогултуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары
"Электрондук капчык менен 24 саат бою акча которуп, төлөмдөрдү жүргүзө берсе болот. Бул жагынан алганда кадимки банкка акча сактагандай эле ыңгайлуу жактары бар. Бирок бул капчыктагы акчалар банктагы депозиттей эмес. Электрондук капчыктын негизги максаты — төлөмдөрдү оңой жана бат жүргүзүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда Улуттук банк сөз болуп жаткан капчыктарды пайдалануу же пайдаланбоону ар бир адам өзү чечиши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0